www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белорусияда болуп жаткан тополоңго Лукашенконун шайлоодон утуп чыгышынын эч кандай тиешеси жок. Бул жөн эле шылтоо. Эгер эле, элди көчөгө үндөп жаткан нацистер жеңишке жетишип калса, Белорусияда кандай өзгөрүүлөр болоруна Анатолий Вассерман өз оюн төмөнкүдөй баяндаптыр:
1. Нацистер Россияны номер 1-душман деп жарыялашат.
2. 30 жылдан бери нацистерге каршы болгондордун баары куугунтуктоого, репрецияга, өлүмдөргө кабылышат.
3. Нацистер "Белорусияны өткөн кылымда ССССР басып алган" дешип, коммунизмге каршы согуш башташат: Лениндин эстеликтерин кулатышып, коммунизмдин символикаларына тыйуу сала башташат.
4. Белорусиянын баатырларын: Жуковду, Рокоссовскийди жана башка баатырларды душманга чыгарышып, баатырлардын эстеликтерин талкалашып, георгиевский лентага, 9 майды майрамдоону жокко чыгарышат
5. Орус тилин окутууга, орус тилинде сүйлөөгө баардык жерлерде: коомдук жайларда, садиктерде, мектептерде, магазиндерде, коомдук транспорттордо, ишканаларда тыйуу салынат, Украинага окшоп.
6. Россияга тиешелүү болгон баардык соц.сеттерди, телеканалдарды, МММкларды, форумдарды, блокторду жаап салышат.
7. Эки мамлекеттин ортосундагы экономикалык, аскердик коргонуу байланыштарды үзүп, Россияга кирип чыгууга, миграцияга чыгуүга тыйуу салынат.
8. Белорусияда иштеп жаткан Россиялык компаниялар, ишканалар толугу менен токтотулуп, талкаланып жок кылынат.
9. Америка жана Европа өлкөлөрүнүн талабы менен, жаңы ачылып иштей баштаган АЭСтин иши токтотулат, мурда Литвадагыдай болуп.
10. Белорусияда иштеп жаткан трактор, удобрения, мотор, жана башка техникалар чыгарылчу чоң ишканалар жабылат, себеби Америка, Европа өлкөлөрүнө Белорустай конкуренттин кереги жок. Украинадагыдай болуп баардык ишканалар банкротко учурап, тонолуп, талкаланып жок болот.
11. Коммуналдык төлөөлөр: свет, газ, суу кымбаттап, пособиялар төлөнбөй, белорус рубли төмөнгө түшөт.
12. Мындай учурда өлкөдөгү нацист-фашистерге каршы 99,99% гарантия менен Брестский, Могилевский, Гомельский, Витебский элдик республикалар пайда болот. Натыйжасында Белорусияда граждандык согуш башталат.
13. Батыш жактан США жана НАТОнун колдоосу менен Польша өз куралдуу күчтөрүн Белорусиянын территориясына карай киргизе баштаса, түндүктөн Литва, Латвия, ал эми түштүк тараптан Украина сыга баштайт.
14. Белорусиянын чоң шаарларында 99,99% гарантия менен бул фашистерге каршы чыккандар пайда болуп, Одессадагы "дом профсоюз" окуялары кайталанат.
15. Белорусияда «гос. переворот болду» деген күндөн баштап, мурда түзүлгөн Минск келишими күчүн жоготот, натыйжада ДНР менен ЛНРде бандералар кайрадан баш көтөрүшүп, жаңы согуш оту тутанат. Бул Анатолий Вассермандын айтканы.

Мен муну жазып жатканымдын себеби, бизде да батыштын, Американын жугундусун аңдыгандар, акча үчүн Кыргызстандай өлкөбүздү, кыргыз элин сатып ийиштен кайтпаган өздөн чыккан душмандар, ыплас иштерин дайыма токтотпой келген Отунбаева, НПО, Азаттык, Адилет Айтикеев, Али Токтакунов сымал арабыздагы бүлүндүргүчтөр бар экенин унутпайлы. Америка жана батыш өлкөлөрү Россияны батыш жактан кысып келе жатышат. Россияны жок кылуу үчүн Америкага Орто Азиядай мамлекеттер аба менен суудай керек болуп, көз артып турушат. А биздин арабызда Американын сөзүн сүйлөгөн, америкалыктын айтканын айткан, дегенин дегендер, Азимжандай канкорду бошот дешип ызылдагандар, Батукаевдей канкорду чыгарышып жибергендер, Кадыржан Батыровго түштүк кыргыздарды «с потрахами» сатып жиберген Бектур Асанов окшогондор, "Кыргызстан демократия жолунан тайды, Кыргызстанга гумантитардык жардам бербегиле" дешип дүйнөлүк донорлор уюмуна арызданышкан Чолпон Жакупова баш болгон НПОчу бузакылар толуп жатат. Отунбаева Белорусияны эртеңки күндө кандай гана кара күндөр каптап калышын билип туруп, Лукашенкону куттуктап койгон үчүн президентти чыккынчыга теңеп, ревоюция га түкүрдү деп былжырады. Отунбаева үчүн баардык жерде тополоң болсо, согуш оту күйүп турса, адамдар кырылып саны азайса көңүлү тойдогудай болот. Урматтуу кыргыз калкым! Ушул мен санап өткөн эл душмандарына этият бололу. Көп жебесек аз жеп, бирок тынч жашайлы. Шайлоодо ушул мен атап өткөн американский жопализдерди карап, тандап, сорттоп трезво ой жүгүртүп шайлайлы. Парламентке андай эл бузар, эки буттуу саткындардын барып калышына жол бербейли, суранам силерден, деди Шамурза Бөрүкулов.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости