www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Түркстан облусунда беш жашар кызды зордуктоого жана мыкаачылык менен өлтүрүүгө айыпталган жергиликтүү тургун Сайдолим Гаибназаров өмүр бою эркинен ажыратылды.

Сот өкүмүнө ылайык, ал мындан тышкары химиялык кастрация процедурасынан өтүп, жабырлануучу тарапка моралдык чыгым катары 100 миллион теңге (215 миң доллар) төлөп берүүгө да милдеттендирилди.

Каргашалуу окуя 13-июлда Сарыагаш районундагы Жибек Жолу айылында болгон. Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн наристенин сөөгү коңшусунун үйүнөн табылган. Кылмышка шектелип 48 жаштагы Сайдолим Гаибназаров кармалган.

Кыздын өлүмүнөн кийин айыл эли дүрбөлөң түшүп, кыштакка полиция кызматкерлери келип, интернет убактылуу өчүрүлгөн. Жергиликтүүлөр мурда соттолуп чыккан шектүүнү элдин колуна берүүнү талап кылышкан.

Гаибназаровго "Адам өлтүрүү" жана "Сексуалдык зомбулук көрсөтүү" беренелери менен айып тагылган.

Тергөөнүн маалыматында шектүү ошол күнү мас абалында болгону, көчөдө ойноп жүргөн кызды азгырып, үйүнүн короосуна киргизгени белгиленген. Кыз бычакталып өлтүрүлгөн.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости