www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бети жок сотторго “пазорбу”?

Жогорку Соттун алдына нааразылык акциясына чогулган жарандык коом өкүлдөрү сот жана укук коргоо тармагындагы жемкорлукту жана мыйзам бузууларды токтотууну талап кылды. Экс-депутат Чолпон Жакупова, укук коргоочу Рита Карасартова, Клара Сооронкулова, учурдагы бийликтин жана сот тармагындагы шалаакылыкты айтып соттордон тазалануусун талап кылышууда. Жыйындын катышуучулары  соттор саясий буюртмаларды аткарган, акыйкатсыз чечимдерди чыгарып жаткандыгына токтолду.

Акциянын катышуучулары, бир нече  талаптарды койгон уран-чакырыктарды кармап турушат. Алар, Бектур Асановго, Садыр Жапаровго боштондук, ошондой эле Башык прокурор Индира Жолдубаеванын бетине чийилген сүрөттөрүн көтөрүп турушат.

Эми мындан кийин мындай жыйын Кыргызстандын баардык аймактардында өтө тургандыгын Рита Карасартова билдирди.

Эске сала кетсек, Жогорку соттогу алты судьялык орунга 46 киши арыз берген. Алардын ичинен атына жакшы сөз айтылбаган Ирина Воронцова, Нургүл Бакирова, Айдарбек Алымкулов,Кыдык Жунушпаев, Кымбат Архарова, Дамира Орозова, тандоодо эң көп упай алып, алты талапкердин тизмеси 1-мартта президент Сооронбай Жээнбековго жиберилген.

Президент талапкерлердин тизмесин карап чыккандан кийин аларды бекитүү үчүн парламентке жөнөтөт. Мыйзам боюнча Жогорку сотто 35 судья болушу керек. Учурда алты орун бош.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости