www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Соттун алдына нааразылык акциясына чогулган жарандык коом өкүлдөрү сот жана укук коргоо тармагындагы жемкорлукту жана мыйзам бузууларды токтотууну талап кылган жыйынга катышууда. Жыйындын катышуучулары соттор саясий буюртмаларды аткарган, акыйкатсыз чечимдерди чыгарып жаткандыгына токтолуп, соттордун шалаакылыгына басым көрсөтүүдө.

"Ирина Воронцова менен Кымбат Архарова соттордун “анакондолары” , кайсы арына майрамы өткөрүшөт акмактар", деди митингдин катышуучусу. Ага кошумча Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаеваны, УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевди жана башкы прокурор Индира Жолдубаеванын кызматтан кетүүсүн талап кылышууда.  

Коомдук активист Өндүрүш Токтонасыров, “кадыр-баркы жоголгон адамдардын тагдырын талкалаган соттор жоголсун, бүгүн, 5 –март соттордун кесиптик майрамы күнү алар абийрлүү болгондо гүл алып келмекпиз”, - деди. 

Акциянын катышуучулары, бир нече  талаптарды койгон уран-чакырыктарды кармап турушат. Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын бетине чийилген сүрөттөрүн көтөрүп турушат.

Эми мындан кийин мындай жыйын Кыргызстандын баардык аймактардында өтө тургандыгын Рита Карасартова билдирди.

Эске сала кетсек, Жогорку соттогу алты судьялык орунга 46 киши арыз берген. Алардын ичинен атына жакшы сөз айтылбаган Ирина Воронцова, Нургүл Бакирова, Айдарбек Алымкулов,Кыдык Жунушпаев, Кымбат Архарова, Дамира Орозова, тандоодо эң көп упай алып, алты талапкердин тизмеси 1-мартта президент Сооронбай Жээнбековго жиберилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости