www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Абсамат Масалиев 90 жашка чыкмак

Бүгүн өмүрүн мамлекеттик кызматка арнаган чыгаан инсан, мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиевдин туулган күнү. Арабызда болгондо бүгүн бул инсан 90 жашка чыкмак…

Президент Садыр Жапаров “Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндөгү“ Жарлыкка кол койгон. Мындан улам, өлкөнүн аймактарында улуу инсандын 90 жылдыгына карата иш чаралар байма-бай өткөрүлүп жатат.

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиев 1933-жылы 10-апрелде азыркы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Алыш кыштагында туулган.

Абсамат Масалиев 1949-жылы Үч-Коргон кыштагындагы 8-жылдык мектепти бүткөндөн кийин 1953-жылы Кызыл-Кыя тоо-кен техникумун, үч жылдан соң – Москвадагы Тоо-кен институтун, кийин эки жылдык жогорку партиялык мектепти бүтүргөн. Тоо-кен инженери болуп иштеп, кийинчерээк коммунисттик партиянын жооптуу кызматына өткөн. "Кыргызкөмүр" трестинин участогунда начальниктин жардамчысы, шахтанын башкы инженеринин орун басары, тресттин башкы инженеринин жардамчысы, партиянын Ош обкомун өнөр жай жана транспорт бөлүмүнүн инструктору, башчысы, Кыргызстан КП БКнын өнөр жай жана транспорт бөлүм башчысынын орун басары, партиянын Таш-Көмүр шааркомунун 1-катчысы, партиянын БКинин өнөр жай жана транспорт бөлүм башчысы, катчысы, Фрунзе шааркомунун төрагасы, партиянын Ысык-Көл обкомунун 1-катчысы, КПСС БКнын инспектору, Кыргызстан КП БКнын 1-катчысы, ошол эле учурда Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Госгортехнадзорунун директору болуп иштеген. Абсамат Масалиев 1995-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон.

1985-жылдан тартып Кыргызстан Компартиясын жетектеген Абсамат Масалиев 1930-жылдарда жазыксыз куугунтукталып, жөн жерден атылып кеткен көптөгөн мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин кайра акталышы үчүн чоң салым кошкон.

Абсамат Масалиев СССР Жогорку Советинин үч, Кыргыз ССР Жогорку Советинин беш жолку чакырылыштарынын депутаты. Октябрь революциясы, 2 Эмгек Кызыл-Туу, "Манас II" ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргызстан коммунисттер партиясынын жетекчиси Абсамат Масалиев 2004-жылдын 31-июлунда жүрөк оорусу кармап, 71 жашында дүйнөдөн кайткан. Сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.

"Баткен Таңы" облустук гезити

 

Последние новости