www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 23-август – Кыргыстанда Аза күтүү күнү.
Президент Садыр Жапаровдун “Кыргыз Республикасында 2022-жылдын 23-августун улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө” жарлыгынын тексти:
“2022-жылдын 21-августунда Россия Федерациясынын Ульяновск облусунда болгон жол-транспорттук кырсыгынын кесепетинен Кыргыз Республикасынын 14 жараны каза болду.
Каза болгондорго аза күтүү менен алардын туугандарынын жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшүп, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасында 2022-жылдын 23-августу улуттук аза күтүү күнү деп жарыялансын.
2. Улуттук аза күтүү күнү өлкөнүн бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлсүн.
3 Кыргыз Республикасынын маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына улуттук аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталсын.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет”.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Россиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгынын кесепетинен мекендештердин каза болгондугуна байланыштуу кайрылуу жасаган.
Россиядагы жол кырсыктан 16 адам каза болгон. Аларды 14ү Кыргызстандын жарандары. Каза болгон мекендештердин аты жөнү такталган.
Булак: NazarNews.kg