www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда абал курч! Эртеңки күн кыргызстандыктарды тынчсызданууда. Кырдаалдан пайдаланып түрмөдөн чыгып кеткен ири жемкорлорго эл кыжырдана баштады. КР жараны катары Бибигүл Турдалиева учурдагы "бийлик үчүн күрөшүп жаткан" саясатчыларга Кайрылуу жасады.

--Бабановдун ниети кара, Атамбаевдин ниети арам экен. Учурда кишилерин топтоп, 5000 сомдон берип, эртеӊ митингге чыгып бергиле деп уюштуруп жатышат. Булар элди кагылыштырып, согуш чыгаргысы келип жатабы эмне! Бабанов кыргызды ойлойсуӊбу сен? Кыргысыӊбы сен? Эгер кыргыз болсоӊ, кыргызга жүрөгүӊ ооруса, кыргызга кайдыгер болбосоӊ – анда Атамбаевдин жанынан кет, тынчтыкка салым кош. Эл азап чегип, мамлекет оор абалда турганда бузукулук кылып, бийликти кайрадан күч менен басып алам деген аракетиӊер наадандык. Анда сени Кыргыз жеринин кусуру урат! Адахан Мадумаров биз сени Алмазбек Атамбаевге кошулуп кетет деп ойлогон эмеспиз. Сен биздин ишенимден чыктың! Кыргыз эли эмес, силерге бийлик керек экени ачык болду. Силерди ата-бабалардын арбагы урсун!  Шайлоонун шылтоосу менен кыянатчылыкка бардыңар!, - деди Бибигүл Турдалиева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости