www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адабият боюнча Нобел сыйлыгынын лауреаты болуп америкалык акын Луиза Глюк табылды. Бул тууралуу Швед академиясы бейшембиде жарыялады. 77 жаштагы Глюк Нью-Йоркта туулуп өскөн. Учурда Йел университетинин англис тили боюнча профессору. Ал 1968-жылы «Туң бала» аттуу ырлар жыйнагы менен атактуу болгон. Ал ырлардан жана эсселерден турган 12 китеп чыгарган. Алардын бири үчүн Пулитцер сыйлыгына татыктуу болгон. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Нобел сыйлыгын 2018-жылы Ольга Токарчук, 2019-жылы Петер Хандке аттуу жазуучулар алышкан. Адабият боюнча Нобел сыйлыгы 1901-жылдан бери тапшырылып келатат. Бул убакыт аралыгында 900дөн ашык адам сыйлыкка татыктуу болгон.

Нобел сыйлыгынын сый акысы быйыл 10 миллион швед кронун же бир миллион долларды түздү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости