www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурдагы кырдаал тууралуу активист Урмат Акунов NazarNews маалымат агенттигине маек берди.

--Бүгүнкү күндө өлкөдөгү болуп жаткан кырдаалга карай турган болсок, абал оор. Түпкүлүгүн айта кетсек, азыркы өздөрүн оппозиция атап, бийликке сын-пикир айтымыш болгондор, бийликти оңдойбуз деп куру убада берендердин чыныгы жүзү 3 күндө эле айкын болду.

Буларга бир гана бийлик, бир гана кызмат, бардыгы президент жана премьер болгусу келгендигин көрсөтүштү. Бул туура эмес нерсе экенин карапайым эл да түшүндү. Буга чейинки бийликтегилер 5-7-10-жылда сасыса, булар бир жарым күндө ириңдеп кетти. Революция кылдык демиш болгондор түшкө чейин бири башкарып, түштөн кийн экинчиси башкарып атып алар элдин ишениминен чыгып бүттү деп эсептейм.

Мына азыр карап көрсөк, ар бир жерди ар бир партия басып алды. Бири-бирине баш ийбей олтурган кези. Мамлекетти мындай абалга кептегенге алардын моралдык да акылары жок болчу. Ак үй алардын менчиги да эмес. Бийлик талашуу алардын башынан эле жеке кызыкчылыгы эле. Бирок ушундан кийин ызы-чуу кылган топтун арамза, акмак адамдар экени жалпы элге ачык билинди.

Бүгүнкү күндөгү кырдаалды уюштургандардын баары ЖК депутаттыкка талапкер болгондор болчу. Бирок, Текебаев, Атамбаев өңдүү адамдар тымызын олтуруп алып элди бири-бирине кайрап, ар кандай баш аламандыка үндөп жатат. Бул акмакчылык. Лидерлерин жактагандар алардын артынан ээрчип үмүттөнгөндөр да чыныгы жүзүн көрүштү. Талкалоо болгон учурда ызырынган элди токтотууга аркет жасагандын ордуна кайра үндөп жатты. Мына пандемиядан кийин мамлекеттин абалы оор болуп турганда өлкөнү ого бетер сазга батырды. Бүткүл дүйнө жүзүнө бир ууч топтун кызыкчылыгы менен бүтүндөй Кыргызстанды жаман жагынан көрсөтүп койду. Азыр эле уктум Адахан Мадумаров, Өмүрбек Бабанов, Жеңиш Молдокматов, Өмүрбек Текебаев жана Алмазбек Атамбаев биригишиптир. Булардын бийлик үчүн бириккени түшүнүктүү. Эми кыргыз элин Кудай сактасын, жогорку мен атаган топ бири-бирин тытып жеп койсо деле мейли, бөөдө жаштар кырсыкка учурабаса экен деген тилек, - деди Урмат Акунов.

Эске сала кетсек, “Мыйзамдуу түрдө жаңы шайлоону дайындап, министрлер кабинетин шайлап жатканда, конституциялык мөөнөттүн аягына чейин бардыгы иштешсин. Мындан башка жол жок. Эгерде жакынкы аралыкта саясий күчтөр буга макул болбосо, анда президент өлкөдөгү саясий кырдаалды нормалдаштыруу үчүн ЖККУнун аскерлерине кайрылышы ыктымал, деген пикирин адвокат Ренат Медетбеков www.vb.kg сайтына билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости