www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Мыйзамдуу түрдө жаңы шайлоону дайындап, министрлер кабинетин шайлап жатканда, конституциялык мөөнөттүн аягына чейин бардыгы иштешсин. Мындан башка жол жок ", - деп эсептейт Ренат Медетбеков.

Эгерде жакынкы аралыкта саясий күчтөр буга макул болбосо, анда президент өлкөдөгү саясий кырдаалды нормалдаштыруу үчүн ЖККУнун аскерлерине кайрылышы ыктымал. Мындай пикирин адвокат Ренат Медетбеков билдирди.

Ал, "13 партиянын өкүлдөрү ортосундагы сүйлөшүүлөр өтө эле узакка созулуп кетти. Убакыт ансыз деле саналуу да азыркы учурда акылга сыйбаган ой-пикирлерлер үчүн токтоп турушат.

Биринчиси, өлкөдө потенциалы күчтүү 3 премьер-министр - Кубатбек Боронов, Садыр Жапаров жана Тилек Токтогазиевтер бар. Бирок жогорудагылардын бирөөсүн президент расмий кызматынан бошотпогондуктан, азырынча мыйзамдуу бойдон калууда.

Экинчиси, бөлүм башчылардын орун басарлары иштеши керек. Эгерде алардын ишмердүүлүгү мыйзамдуу болсо, анда алардын лидерлери дагы ошол өңүттө деген сөз.

Үчүнчүдөн, Жогорку Кеңеш - Кыргызстандагы бирден-бир мыйзамдуу орган болуп саналат. Бирок мамлекеттик кызматтагы бийлик бутактары “качып кетишкен”. Ошондуктан депутаттарды жыйынга мажбурлап чогулткандай эле, мамлекет башчы, өкмөт башчыны да күчтөп иштетсе болот. Менимче, азыр саясий күчтөр артка чегинип, бийликти кайтарып бериши керек. Мыйзамдуу түрдө жаңы шайлоону өткөрүү зарыл, министрлер болсо белгиленген мөөнөттүн аягына чейин иштешсин. Мындан башка жол жок", - дейт Ренат Медетбеков.

Бул тууралуу маалымат https://www.vb.kg сайтынан кыргызчаланды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости