www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаровду колдоо коргоо кыймылы түп көтөрүлүп, түрүнө билек түргөндөй. Садыр Жапаровдун тарапташтары видео Кайрылуу жасады.

--Кайрадан акчага тойбогон топоздор кайра биригип алды. Алсак, Өмүрбек Бабанов, Өмүрбек Субаналиев, Курсан Асанов, Өмүрбек Текебаевдер биригип эртең бузукулар Садыр Жапаровду кулатабыз деп жатышат. Эл жыйнап 2 миң сомдон таратып жүрүшөт. Урматтуу мекендештер! Эртең саат 12:00до Ала тоо аянтында митинг өткөрөлү”, деп кайрылды Садыр Жапаровдун тарапташтары.

Эске сала кетсек, Кремль Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга өтө тынчсызданып жатат, “кырдаал башаламандыкка айланып кетти” деп билдирди Россиянын Президентинин пресс-катчысы Дмитрий Песков. Бул тууралуу РИА Новости 8-октябрда жазып чыкты.

Буга чейин Песков республикада болуп жаткан окуялар ички саясий диалогдун иши деп айткан эле. Ошондой эле Песков конституциялык кырдаалдын айланасындагы маселелер эртерээк жөнгө салынаарына ишеничин билдирди.

Муну менен бирге ал азыркы учурда Кыргызстандын президентине Россиядан башпаанек берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө божомолдорго негиз жок экенин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости