www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кремль Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга өтө тынчсызданып жатат, "кырдаал башаламандыкка айланып кетти" деп, билдирди Россиянын Президентинин пресс-катчысы Дмитрий Песков. Бул тууралуу РИА Новости 8-октябрда жазды.

Буга чейин Песков республикада болуп жаткан окуялар ички саясий диалогдун иши деп айткан эле. Ошондой эле Песков конституциялык кырдаалдын айланасындагы маселелер эртерээк жөнгө салынаарына ишеничин билдирди.

Муну менен бирге ал азыркы учурда Кыргызстандын президентине Россиядан башпаанек берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө божомолдорго такыр негиз жок экенин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости