www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийиктикти багындыруу өзүңдөн же Смановдор династиясы

Милиция - бул үй-бүлө үчүн жүрөк сүйгөн, көңүл жактырган, салтка айланган кесип. «Сен милиция болгун» же «Мен милиция боломун» деп жарыя салган, сунуштаган эч ким жок, бирок жүрөктөр үнсүз сүйлөп, «милиция» деп үнсүз кагып турат. «Түз жүргүн, туура жүргүн!» деп кайталанма сөздөр айтылбайт: тартип, өзүн туура алып жүрүү тээ илгертен эле бул үй-бүлөдө калыптанып калган көрүнүш. Анда эмесе, таанышып алыңыздар: Смановдордун династиясы!

Схема чийүүнүн чебер адиси

…Бүгүнкү менин каармандарым - Смановдордун династия мүчөлөрү. Көңүл жактырган, жүрөк сүйгөн милиция кесибин аздектеген, милициянын ысыгына күйүп, суугуна бышкан, милиция тууралуу жакшы кеп укса төбөсү көккө жете кубанган, жаман кепти жандарына жакындатпаган инсандар. Династия башында милициянын ардагер подполковниги Жеңишбек Сманов турат.

Совет доорунда ички иштер органдарында, анын ичинде МАИ тармагында иштеген көп эле адам Жеңишбек Смановду жакшы билсе керек деген ойдомун, анткени өзүнүн чынчылдыгы, принципиалдуулугу, кесипкөйлүгү, кандай кырдаал болбосун, ким болбосун, жардамга кол сунууга даяр тургандыгы менен айырмаланган Жеңишбек ата МАИ тармагынын өнүгүшүнө, милициянын эртеңки келечеги болгон курсанттарды тарбиялоодо бараандуу салымы бар, Кыргыз милициясынын тарыхында өз ордун тапкан адам.

Отуз жылдан ашуун ИИОнун катарында үзүрлүү эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан милициянын ардагер подполковниги Жеңишбек Сманов эмгек жолун Бишкек шаардык МАИ кызматынан тескөөчү болуп баштаган. Көп жылдар бою аталган кызматтын нөөмөт бөлүмүндө иштеп, жол кырсыктары болгон жердин схемасын чийип, керектүү кагаздарды толтуруу милдетин аркалап келген. Жеңишбек атаны көрүп-билген адамдар анын мындай учурда өз ишине берилип, окуя болгон жолдун схемасын түзүп-чийүүгө өзгөчө чебердик менен мамиле жасап келгенин айтып калышат экен. Схеманы так жана туура чийе алгандыктан улам, Смановго бул боюнча жардам берип коюуну суранган кесиптештери арбын болчу экен…

Андан кийинки жылдары Ж.Сманов нөөмөт бөлүмүндө улук тескөөчү, административдик протоколдор боюнча иш жүргүзгөн тескөөчү кызматтарын аркалайт. Ошондой күндөрдүн биринде Республикалык окуу борборуна жол эрежелерин окутуу боюнча бул тармакты ийне-жибине чейин түшүнө билген окутуучу керек болуп, окуу жайдын жетекчилиги милициянын подполковниги Жеңишбек Смановдун талапкерлигине токтолушат. Чынчыл десең чынчыл, кесипкөй десең кесипкөй, иштерман адис катары ошентип Ж. Сманов аталган окуу борборго окутуучу болуп дайындалып, курсанттарга МАИ тармагынын сырларын үйрөтүүгө  киришет. Ж.Сманов окуткан ошол кездеги курсанттар бүгүнкү күнгө чейин агайын унутпай, ал-акыбал сурашып турушат экен. Ардактуу эс алууга чыккандан кийин үйдө бекер жатып албаган Жеңиш ата көптөгөн жылдар бою Аксакалдар сотун жетектеп, канчалаган үй-бүлөлүк чырдуу, талаш маселелерди ж.б. тескеп, милициянын жакын жардамчысы болуп келген.

“Кызымдын, уулумдун жеткен бийиктиги-алардын жеке өздөрүнүн аракети”

Маек учурунда Жеңишбек атадан жол коопсуздугу, жол эрежелерин сактоо тууралуу ой-пикирин билгибиз келгенин айттык. Учурда жолдо автоунаалардын саны өтө көбөйгөнүн айткан маектешим, жол эрежелерин туура сактабагандар, атайын автомектепти окуп бүтүрбөй туруп эле айдоочулук күбөлүктү сатып алган жарандар жол кырсыктарынын  көбөйүшүнө себепчи болуп жатканын белгилеп кетти. “Мен окуткан курсанттарыма дайыма бирөөгө эч качан жамандык кылбагыла, колдон келсе жакшылык кылгыла деп көп айтчумун. Сен жакшылык кылган адам аны эч качан унутпайт дечүмүн,-деди ой-толгоолору менен бөлүшкөн Жеңишбек Сманович, - бүгүнкү күнү минтип балдарым менин жолумду жолдоп, ички иштер органдарынын катарында кызмат өтөп келишет. Мен алардын кызматка орноштурууда кадыр-баркымды салган жокмун, ар кимиси тырышып, өз аракети менен бийиктикке жетиши керек деп эсептейм. Эгерде мен жардам берсем, балдарым «менин колдоочум бар» деп ишенип, бардык күч-аракетин жумшап аракеттенишмек эмес. Бүгүнкү күнү уулумдун, кызымдын жеткен бийиктиги-жеке өздөрүнүн аракети. Милиция биз үчүн салттуу кесип болуп калды десем болчудай. Форма болсо адамдын көркүн ачат. Форманы кийген ар бир кызматкер  өзүн татыктуу алып жүрүшү,  аны таза, тыкан кийиши, ак дилден кызмат өтөшү зарыл”.

“Эрдик” медалы же жашоодо калган бир из...

“Аганы көрүп ини өсөт» дегендей, Жеңишбек Смановичтин жолун жолдогон анын иниси, капитан Бакыт Сманов тууралуу да айта кетпесек болбостур. Кезинде ИИОдо, ЖАМКда кызмат өтөгөн Бакыт мырза кеп арасында мына буларга токтолду: «Байкем мени же балдарын милиция болгула деп эч качан айткан жок, жөн гана ушул кишинин баскан-турганы, жумушка барып келгени, формасын дайыма тыкан алып жүргөнү биздин көз алдыбызда болуп, биз ошол тартипке, тыкандыкка тээ жүрөгүбүздүн түпкүрүнөн калыптанып чоңойдук. Байкем биз үчүн сөз менен айтып жеткиргис үлгү болчу, анын натыйжасында минтип династия жаралып олтурат. Байкем да формасын эч кимге бербей өзү тазалап, өзү үтүктөп турчу, мына ошол сапат менде да калыптанып калган..” 

Үй-бүлөдө болсо ата жолун биринчилерден болуп уланткан Жеңишбек атанын тун уулу аскердик учкуч, подполковник Акылбек Сманов болгон. Россиянын Ставрополь шаарын жогорку авиациялык училищени ийгиликтүү аяктаган соң, Россияда, Кыргызстанда аскердик-авиациялык базанын штаб жетекчиси болуп кызмат өтөгөн. Баткен окуясындагы чечкиндүү аракеттери үчүн “Эрдик” медалына татыктуу болгон. Аз жашаганы менен өмүрдө из калтырып кеткен инсан жакындарынын жүрөгүндө түбөлүк жашап келет… 

Нет описания.

Беш жашында милиция болууну чечкен кыз

Династиянын кезектеги улантуучу-ИИМдин Медицина башкармалыгына караштуу Психологиялык кызматтын улук тескөөчү-психологу, милициянын майору Жаркын Сманова. Жаркын балалыгын эстегенде көз алдына чыкыйган формасын кийген атасы аны  спорттук гимнастикалык мектепке жетелеп бара жаткан, ары-бери өткөн кишилердин аларды суктана караган,  көөдөнүн кере атасы үчүн сыймыктанган учурлар көз алдына тартылат. Дал ошол мезгилде беш жашар кыздын тээ жүрөгүнүн түпкүрүндө атасындай форма кийип, милиция болуу кыялы жаралат. Жылдар өтүп, Жаркын жогорку окуу жайын бүтүрүп, башка кесиптерде иштеп жүрөт, бирок көөдөнүндө жашап келе жаткан аруу тилеги такыр өчпөйт. Милиция болгусу келгенин атасына айтса, принципке таянган атасы: “өзүң аракеттен…” деп коет. Өз киндигин өзү кескен биздин кыз жакшы санаалаш курбу кызы Айгүл иштеген жерге барып, ошол кездеги МАИ кызматынын башчысы Керимбаевдин колдоосу менен ишке орношот. Андан кийинки жылдары ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматында, ЖАМКда кадрлар, психология кызматында эмгектенет. Дал ошол жерде атайын семинар-тренингдерден өтүп, чет өлкөгө чыгып, психология илиминин сырларын өздөштүрөт, Кыргыз-орус билим берүү академиясынын психология факультетин бүтүрөт. “Психолог кесиби менин жан дүйнөмө жакын экенин, иштеп жүрүп мен өзүмдү ушул кызматтан тапканымды түшүндүм. Ийгиликтин эрте-кечи жок дегендей, кеч болсо офицер болуп, эңсеп күткөн жылдыздуу погон тагындым. Андан кийин ИИМдин Медицина башкармалыгына караштуу Психология кызматына которулуп, бүгүнкү күнгө чейин сүйгөн кесибимди аркалап келем”,-дейт милициянын майору Жаркын Сманова.

“Атам алган наамга жетсем дейм”

«Башкы көч кайда барса, арткы көч ошол жакка барат» дегендей, ИИМдин Күзөт кызматына караштуу ведомстволук милиция полкунун взвод командири, милициянын капитаны Марат Сманов милиция кесибин тандап алуусуна өзгөчө Акылбек байкесинин таасири чоң экенин айтат. Курсант кезинде чыкыйган форма кийип үйгө келген байкесинин ошол кездеги образы эмдигиче көз алдынан кетпейт. Милициянын атайын орто мектебинде үч жыл билим алган соң, эмгек жолун М.Сманов Бишкек ШИИББнын Кайгуул-күзөт кызматында баштаган. Андан кийинки жылдары  ЖАМКнын мекемелеринде бир топ жыл көзөмөлдөөчү, отряд башчысы, режим боюнча тескөөчү болуп эмгектенет. “Кызматымда ал учурда баары жакшы болчу, бирок жүрөгүм “милиция” деп сокконун такыр койбоду,-дейт М.Сманов өз сөзүндө,-ошентип Күзөт кызматына тескөөчү болуп которулуп келдим. Милиция - мен үчүн сүйгөн кесип, аруу кыялым. Атамдын жолун жолдоп, атам алган наамды мен да алсам деген максатым бар. Форма болсо мен үчүн сыймык, форма адамды түзөлтөт, тарбиялайт…”

Нет описания.

“Келинибизди дагы милиция кылып алдык...”

Милициянын капитаны Марат Смановдун келинчеги Айнура Дуйсембиева кесиби боюнча лингвист-котормочу. Эки жаш үйлөнгөн убакта ИИМдин Академиясына дал ушул адис керек болуп калат. Муну уккан Марат келинчегин жетелеп алып, окуу жайга барат. Айнуранын билими талаптардын баарына жооп берип, он күнгө жетпей форма кийип милиционер жубайына катарлаш болуп кызмат өтөөгө киришиптир. Бүгүнкү күнү милициянын улук лейтенанты Айнура Дуйсембиева ИИМдин Академиясынын Катчылыгында тескөөчү болуп эмгектенип келет.

Ырысбүбү Сагымбаева

Булак: NazarNews.kg

Последние новости