www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Польшанын консервативдүү деп саналган президенти Анджей Дуда добуштардын 51,2% топтоп, жеңүүчү аталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Улуттук шайлоо комиссиясына шилтеме берип, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Баш калаа Варшаванын мэри, либерал Рафал Тшасковскийге шайлоочулардын 48,79% добуш берди.
Комиссия шайлоого катышкандардын саны адаттагыдан көп болуп, 68.12 пайызды түзгөнүн билдирди.
Добуш берүү санитардык эрежелер көзөмөлдөнгөн шартта өттү.
Байкоочулар Дуданын кайра шайланышы бийликтеги «Укук жана адилеттүүлүк» партиясынын талаштуу сот реформаларын бекемдегенге жол ачышы мүмкүн экенин айтышууда. Евробиримдик партиянын бул аракеттерин сынга алып келет. Үгүт кампаниясы маалында Тшасковский сот реформаларын жокко чыгарарын айтып, бул демократияга шек келтирерин баса белгилеген.
Дуда шайлоо өнөктүгү маалында ЛГБТ коомчулугунун өкүлдөрүн да сынга алган.
48 жаштагы Анджей Дуда Польшаны беш жылдан бери башкарып келатат.
Булак: NazarNews.kg