www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте түнкү стационарлар ачылат. Тизме

Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы күндүзгү стационарлар күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат. Жарандар 8:00дөн 20:00гө чейин медициналык кеңеш алып, куйма дары сайдыра алышат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

"Бишкектеги күндүзгү стационарларга тогуз күндүн ичинде 23 миң 819 жаран кайрылса, анын ичинен 17 миң 890у куйма дары куйдурган, 5 миң 781 жаран медициналык кеңеш алышкан. Ал эми 139 бейтап ооруканага жаткырылган. Тогуз бейтап кайтыш болду.

Ооруканалардагы кезектер басаңдап, айыккандардын саны көбөйүүдө.

Статистикага ылайык, кайрадан ачылган стационарларга азыраак күч келүүдө:

Ак-Босого конушундагы № 81 мектебинде 40 орун бар;

Анкара көчөсүндөгү «Сейтек» мектебинде 50 орун;

Дордой-13 көчөсүндөгү № 94 мектепте 50 орун;

Аламүдүн-1 кичи районундагы № 38 мектебинде 50 орун;

Токтогул 20 көчөсүндөгү № 68 мектепте 30 орун", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости