www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын аймактарында пневмонияга чалдыккандардын саны бир жумада эки эсе көбөйдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, март айынан бери облустарда өпкөсүнөн кагынып ооругандар (пневмония) 3286 адамга жетти. Алардын 1050сү айыкты, 165и каза болду.
Азыркы тапта ооруканаларда 2071 бейтап жатат, алардын 737синин абалы оор.
7-июлда аймактарда коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери пневмония деген диагноз менен ооруканага 1566 адам жаткырылганы, 607си айыгып, ооруканадан чыкканы, 903ү стационарда дарыланып жатканы, алардын 221инин абалы оор экени айтылган болчу.
Бишкек шаарында пневмония боюнча абал кандай экени тууралуу жаңы расмий маалымат жок.
Эпидемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирустан 147, пневмониядан 452 (алардын 165и аймактарда) адам кайтыш болду.
Адистер өпкөсүнөн кагынып ооругандардын (пневмония) баарын коронавируска чалдыккандар деп кабыл алыш керек экенин айтышууда. Бирок Кыргызстанда пневмония болгондор коронавирустун расмий статистикасына кире элек.
Булак: NazarNews.kg