www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ушу тапта WhatsApp тиркемеси аркылуу 1991-жылдан 2018-жылга чейинки аралыкта иштегендерге 70 миң сом өлчөмүндө жөлөк пул берилет деп тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Эске сала кетсек, мессенджерлерде тарап жаткан кабарда аталган жылдары эмгектенгендер жөлөк пул ала алышары тууралуу жазылып, акча алуунун критерийлери да кошо белгиленген.
Мындай билдирүүнүн туура эмес экенин маалымдаган министрлик элди фейк-маалыматтарга ишенбөөгө жана таратпоого чакырды.
Булак: NazarNews.kg