www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечке жуук Бишкектин көчөлөрүнүн биринде келе жатып, бийлеген машинаны көрүп калдым. Музыкасы жок эле… өйдө-ылдый болуп, амортизаторлору “кыйчылдап” бийлеп жатат, тообо! Таң калганымдан көздөрүм чекчейип, оозум оңурая түштү. Анан ага жакын барбаймынбы. Тү-үй, ат-та, анын ичинде бир эркек менен бир ургаачы жып-жылаңач болуп алып, уят “иш” жасап атышыптыр. Үстүндөгүсү кыймылдаган сайын машина кошо кыймылдап… И-ий, бетим!..

Баягы жылдары машина сатып алсак эл чакырып, түлөө өткөрчүүбүз. Азыр аны унуттук. Чамасы, бир эсебинен бата алуудагы ашыкча чыгым кылуудан ичибиз орунса, экинчиден, техниканын да кадырын түшүрүп жибердик окшойт.

Баса, машинанын көзүнчө “сатам” деп айтууга болбойт деген сөз айтылат, эл оозунда. Анттиң дегиче, машинаң бузулуп, кардалды ирээнжитет дешет. Машинаңа жеңил ойлуу кыз-келиндерди жаткызып алып, абийирсиздикке барган да болбойт экен. Көрсө, машинанын, темирдин колдогон ээси, Дөөтүсү бар тура.

Акыркы күндөрү жол кырсыктары көбөйдү. Балким, андай жаман нерселер өзүбүздүн ыпластыгыбыздан болуп жүрбөсүн, ыя?

Бир жолу СТОго барсам, бир молдо киши менин машинамды айланып калды:

— О, жакшы машина окшойт?..

— Ооба, жакшы, — ​дедим мен, оюма келген нерсени дароо айтып калгым келип. — ​Молдоке, сизге берээр бир суроом бар эле?

— Айтыңыз…

— Машинанын ичинде кыз-келиндер менен жатууга болбойт дешет. Ошондой кылсаң, машина таарынып, тез-тез бузула берет имиш. Ошол чынбы?

— Астафурулла! Антип сизге ким айтты? Андайды укпай эле каалаган кыз-келиндериңиз менен машинаңыздын ичинде жыргап, каалаганыңызды кылып жата бериңиз. Бул деген темир да. Темир, эмне, сиздин уят иш кылып жатканыңызды билип коюптурбу? Билбейт.

Жакамды кармандым. Элди ыймандуулукка чакырчуу кишинин айтаар сөзү ушул болсо…

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости