www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
1. Атамбаев Алмазбек – 2011-2017 –жылдары КРдин президенти, Кой-Таш Элдик Республикасынын түзүп,ошол жердеги чырларга байланыштуу камалган. 2017-жылдын октябрындагы президенттик шайлоодо азыркы бийликти колдогон. Учурда камакта.
2. Бабанов Өмүрбек – 2011-2012-жылдары КРдин өкмөт башчысы, 2017-жылдын октябрындагы президенттик шайлоодо азыркы бийликке каршы 30 пайыз добуш топтогон. Ошол кездеги президент Атамбаев тарабынан куугунтукка алынып, 2019-жылдын 8-августунда Кой-Таштагы чырдын учурунда мекенине кайткан. Учурда иши иликтенип жатат.
3. Текебаев Өмүрбек – 2005-2006-жылдары КРдин спикери. 2017-жылдын октябрындагы президенттик шайлоодо камакта болгон. 2019 –жылы камактан бошотулган. Учурда үй түрмөдө.
4. Мадумаров Адахам -2005-2009-жылдары КРдин вице-премьери, спикери, мамлекеттик катчысы. 2017-жылдын октябрындагы президенттик шайлоодо президенттикке талапкер болуп үчүнчү орунда келген. Учурда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери.
5. Жапаров Садыр –Жогорку Кеңештин эки мөөнөтүнүн депутаты. 2017-жылдын октябрындагы президенттик шайлоодо камакта болгон. Учурда камакта, аны камактан бошотуу үчүн колдоочулары катуу турушат.
6. Ташиев Камчыбек - Жогорку Кеңештин эки мөөнөтүнүн депутаты. 2017-жылдын октябрындагы президенттик шайлоодо азыркы бийликти колдогон. Учурда “Ата-Журт” партиясынын лидери.
7. Илмиянов Икрамов – Атамбаевдин машинасынын рулунан мамлекеттин рулуна чейин кармаган. 2017-жылдын октябрындагы президенттик шайлоодо азыркы бийликти колдогон. Учурда камакта.
8. Исаков Сапар - 2017-2018-жылдары КРдин өкмөт башчысы, 2017-жылдын октябрындагы президенттик шайлоодо азыркы бийликти колдогон. Учурда камакта.
9. Ибраимов Албек – 2010-2018-жылдары мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеген. 2017-жылдын октябрындагы президенттик шайлоодо азыркы бийликти колдогон. Учурда камакта.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg