www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Сабыр байке, өткөн санда, гезитибиздин чыгаан журналисти Чынайым Кутманалиева менен баштаган бул узун-маектин биринчи бөлүгүндө коронавирус, АКШнын кыргызстандыктарга карата визалык чектөөлөрү, Казакстандын Кордай районундагы этникалык жаңжал тууралуу, анан өлкө ичиндеги нааразычылыктар, жаздагы жергиликтүү, күздөгү парламенттик шайлоого карата даярдыктар тууралуу кеп кылып, аягына чыкпай калган экенсиздер. Ошо маекти эми экөөбүз уланталы деп турам. Кандай дейсиз?

- Улантса уланталы. Кай жерине келип, эмнеси калганын эске салбайсыңбы?

- Жаздагы жергиликтүү, күздөгү парламенттик шайлоого карата даярдыктар, Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу талаптар жөнүндө айтылган. Эми, бүгүн сиздин көңүлүңүздү азыркы шайлоого катыша турган партияларга бургум келип жатат. Биздин коом таза, адилет шайлоо өткөрө албай, шайлоого болгон элдин ишеними жокко эсе болуп, керек болсо ошо шайлоо жыйынтыгына болгон нааразычылыктар эки жолку төңкөрүшкө негиз болгонун өзүңүз билесиз. Быйылкы шайлоодо деле, акчанын, адмресурстун ролу жогору болоору айтылууда. Бийлик дагы бийликчил деген үч-төрт партияны сүрөп чыгаары айтылууда. Эл ичинде “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” партиялары бийлик менен сүйлөшүп, колдоо тапкандыгы кенен кесири талкууланып жатат. Мандатка ээ болгусу келген акчалуулардын да ушул, аталган партияларга кызыгуусу артып жатканы байкалууда. Бул маселе элдин бүйүрүн кызытып, башка нааразычылыктар кошул-ташыл болуп кетери айтыла баштады. Сиз кандай дейсиз?

- Биздин өлкөнүн эгемендик алгандан берки өткөргөн шайлолордун жыйынтыгы ушундай болуп калды. Шайлоолор көз боёмочулук менен акчага көз каранды. Акча таратып добуш сатып алып аткан күнөөлүбү? Же добушун сатып аткан эл өзү күнөөлүбү? Же саясый кызыкчылык үчүн ошондой мыйзамсыздыкка жол берип, ал тургай уюштуруп келген бийлик күнөөлүбү? Балким, “керкисинде да, кемтигинде да бар” десек көбүнө ыңгайлуу болмок. Бирок анте албайбыз. Канткен күндө да, шайлоо мапселесинде кырдаалдын ушундай ишенбөөчүлүккө жетишине, ушуга чейинки шайлоолорду көзөмөлдөп, уюштуруп, өткөзүп келген кыргыз бийлиги күнөөлүү. Андыктан, алдыдагы шайлоолор адилеттүү өтсө да, акыйкатсыз өтсө да бийликтин активине жазылат. Жазып койгон менен бүтсө эчтеке эмес. Тополоңго айланып кетпесин. Ошол маанилүү...

- Эми бийликчил партиялар тууралуу... “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” партияларын бийлик колдоп сүрөсө, анан бийликке каяша, сын пикир айткан партияларга карата бут тосуулар, кодулоолор башталса кандай болот? Деги эле бийлик бул маселеде кандай позицияны карманышы керек. Бийликчил, бийликти колдогон партиялар болушу керекпи?

- Бийликчил партия деген эмне? Кошоматчылык деген эле сөз. Партия бийликчил эмес, партия бийликте болуш керек - жеңсе албетте. Жеңилсе бийликчил эмес, оппозиция болуш керек, идея бекем тутулуш керек. “Эмдикиде сөзсүз жеңем” –деп, өжөрлөнүп күрөшүн улантыш керек да. Ошондо анан партиясың. Баш мыйзам боюнча деле ошондой. А биз болсо мыйзамдарыбызды дүйнөдөгү заманбап үлгүлөрдөн көчүрүп жазып коёбуз да, анан аны сактабай кыргызча, көнүмүш адатка салып жашай беребиз. Ал партия, ал партия карманган идея, анын максаттары бизге бир тыйын болуп атпайбы. “Ушу партия өтөт окшойт, мандат алсам болду”- деген, жеке кызыкчылыкты гана көздөгөн принцип. Ошон үчүн кечээ “Ар-намыс”, “Республика”, анан КСДП, эми бүгүн тигинтип “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” деп атышат. Анан кийинки шайлоодо дагы башка партияга жабышмай улана береби? Бул эми саясый сойкулуктун легалдашып, көнүмүшкө айлангандагысы да. Элибиз ичинен ирип, моралдык ориентирлер тепселенип баратканынын белгиси. Буга көз жумсак эртең кадимки сойкулук да легалдашып, үй-бүлөө ичинде кыздарыбыздын сойкулук менен каражат таап келишине деле макул болуп, тапканын уялбай эле ичип-жеп калабызбы? Андай элдин келечеги болбойт, мамлекеттүүлүгүн сактай албайт. Жок болот. Биз, айрыкча мамлекеттик бийлик бул маселеге катуу көңүл бөлүшү керек. Бул коопсуздук маселеси, мамлекет же бар болот, же жок болот деген чекке жеттик. Менимче, керек болсо саясый сойкулукка каршы мыйзам чегиндеги чектөөлөрдү киргизишибиз керек го, деп ойлойм. Болуптур, “жаңылыптырмын” деп бир партиядан чыгып экинчисине кирсин мейли, а эгер андан чыгып, үчүнчүсүнө, төртүнчүсүнө кошулса, анда кандайдыр бир чектөөчү чаралар колдонулушу керек. Мисаалы, СС (саясый сойку) деген кара тизмеге киргизип, госкадр иргеп, мамкызматтарга жолотпоо, БШК иргеп депутаттыкка талапкерликке каттатпоо тууралуу чечимдерди кабыл алуу керектир. Бүгүн эми, азыркы курамды карасаң дээрлик көпчүлүгү эле сойкуланып кеткен, андай чечим кабыл алуу да мүмкүн эмес. Өзүлөрүнө каршы мыйзам жазышмак беле. Келечекте дегеним... , коом кыстап эле ишке ашпаса азыр не реально... Бирок антпесек эл катары жок болуп кеткени жатпайбызбы. Ким ойлонот муну? Ойлонолу да... Анан эми, азыркы Жогорку Кенештин курамындагы депутаттардын көбү кайрадан депутат болууга ынтызар экени көрүнүп турат. Бул эми түшүнүктүү, депутат болуу кимге жакпасын. “Акчам бар, акчага добушун сатуучулар жетиштүү, мен сатып албасам башкалар сатып алат, эмнеге мен болбошум керек?” дешип, жогоруда аталган, бийлик колдойт делген партияларга сагалап жатышат.

- Эми ошо бийликтин ушу партияларды колдоору тууралуу сүйлөшөлү. “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” партияларынын бийлик менен келишип колдоого ээ болгону чынбы? Эмне үчүн бийлик буларга “ставка” жасап жатат?

- Мен эми саясатчылар менен, саясатка саресеп салып жүргөндөрдүн көбү менен сүйлөшүп жүрөм. “Президент алдыдагы шайлоолордо “Биримдик”, “Кыргызстан”, “Мекеним Кыргызстан” партияларына таянат экен, ошолорду колдойт экен, сөз бериптир, бата бериптир”, - деген кептер айтылганы менен, далилдүү факт уккан да, окуган да жокмун. “Макулдашып чыктык, бата алдык дептир”, деп аткандардын сөздөрүндө да андай ишеничтүү фактылар жок. Алар атайылап эле, өздөрү үчүн коомго ошондой ой пикир калыптандырып, жайылтып жаткандай. Бул электоратка, анан капчыктуу талапкерлерге багытталган реклама сыяктуу көрүнүп жатат. Бирок, кээде реклама тетири таасир берип да коюп жатпайбы. Мисалы “Биримдик” партиясы президенттин иниси Асылбек Жээнбековду тизмеге кошуп дуулдап чыкты. Анан партия жетекчилигинин бири Асылбек Жээнбековдун алардын партиясында да, тизмесинде да жоктугун моюндады. “Асылбек бизде, президент бизди колдойт”- деп калп айтышканбы (?) деген күмөн ой жаралып, капчыгын көтөрө жүгүргөндөр басаңдай түшкөнү байкалат. “Кыргызстан” партиясы: “Өткөндө деле бийликтин партиясын жандай чапканбыз, бу сапар деле бийликчил партияга биз сателит болобуз. Сүйлөштүк, бата алдык”- дешкенсип, тизменин башын 500 миң АКШ долларына баалап жатышканы айтылган. Анан эмне болду? Оппозициячыл басылмалар партиянын депутаттары менен бир топ тыңчыкмаларынын кылмыштуу топтор менен байланышын, контрабанда, киши өлтүрүү, вешдок урдоо сыяктуу чуулгандуу окуяларын ашкереледи. Азыр алар да баштагыдай адыраңдай алышпай, келечек тууралуу чоң көйгөй жаралып, курамды тазалоо, лидер ооштуру маселеси күн тартибинде турганы айтлууда. “Мекеним Кыргызстан” партиясы дагы кызылдай акчага ишенип, сатып болсо да алабыз деген партия. Эл бул партияны “Раим-миллиондуку” деп билет. Раим Матраимов боюнча ЖМКларга жарыяланган иликтөөлөрдөн кийин эл катуу иренжип, “эмнеге чара көрбөйт” деп, керек болсо, бийликке нааразычылыгы күчөп кетти. Бирок булар жана дагы бир далай акчага таянган партиялар көздөгөн максаттарынан кайтпай, колдорунан келген аракеттерин жасап, максаттарын ишке ашыруу үстүндө аракеттенишүүдө. Ал да бекер эмес. Анткени добушун соодалаганга даяр калың катмар турат. Есть спрос, есть предложение, ушундай болуп атпайбы... Анткени, “өткөн парламенттик шайлоодо ушундай болгон, азыр деле ошондой болот, президент баары бир колдоочу партияларга муктаж болот, азыр биз колдоп атпайбызбы, анан биз болбосок ким болот (?)”-деген түшүнүктөргө жетеленип алышып эле көпчүлүгү бийликчил партиянын образына кирип алышкандай. Албетте алардын айрымдары президенттин кабыл алуусунда болушканда шайлоо тууралу кеп болот. Тилектерин, ниеттерин айтышат. Анан президент эмне демек эле? Кимисине болсо да: “Албетте катышкыла, конституциялык укугуңар, мыйзамды сактап, адилет калыс шайлоо болсун”- дейт да. Сооронбай Жээнбековдун: “Давай, шайлоого баланча партия менен чыккыла, жакшылап аракеттенип катышкыла, президенттик аппарат колдойт, кийин силер ЖКда мени колдойсуңар”- деп, шымаланып, убадалашып атканын элестете албайм. Анткени, биринчиден, андай ыкмадан ныпым пайда жок экенин Алмазбек Атамбаевдин тажрыйбасы көрсөттү. Шуруудай тизип апкелген депутаттары, башынан бак таяры менен сатып кетти го. Экинчиден, элибиздин болгон түйшүгү, мамлекеттин оор жүгү Сооронбай Жээнбековдун ийининен ныгыра басып турат. Жоопкерчилик, учурдагы саясый кырдаал оңой бекен? Анан да а киши, табиятынан антип, жеңил желпи оюн сала турган адамдардан эмес. Ошондой кырдаалда, ошол оор жүктү көтөрүшөйүн, арка бел болойун, жардам берейин, жүгүн жеңилдетейин дебей, талап, суранып, жеке кызыкчылыгыбыз менен жанталашып, тытмалаганыбыз, тытмалаган. Азыр “Бүтүн Кыргызстан”, “Ата Мекен”, “Ата-Журт” анан дагы, ашып кетсе дагы бир эки партия гана өз алдынча позиция карманууга аракеттенүүдө. Калган мен саясатчы, мен партиямын дегенинин баары эле “мен сиздикмин агатай” деп, шайлоодон кийин дагы бийликке жагынып, колдогонго даяр экендигин ачык билгизип, жалдырап турушат. Кызганычтан улам ич ара ыйкытыйкы боло калышып да жатканы байкалып калды. Бирок андайда деле, столду бир муштаган жетиштүү. Тынчыйт сразу... Булар эми негизинен зыянсыз, коркунучсуз, ар дайым айтканды аткара бере турган пенделер экени жакшы. Бирок оомат кеттиби, бүттү, сразу жаңыга ооп кетишкени гана жаман. Гаремдей эле жаңы султанга дүңүнөн өтөт. Ошондуктан аларга, “укугуңар бар, катышкыла, мыйзам чегинде аракет кылгыла” деп, койгондон өтөөрү жок. Мыйзамды көзгө илбей, акча сапырып, чектен чыккандарын коркпой үркпөй шайлоодон четтетип салса да болот. Мыңк эте алышпайт. Элге да жагат. Анан алардын бирин жакшы көрүп колдоп, башкасынын көңүлүн калтырып оппозицияга ыкташына шарт түзүп эмне азап? Өз ара чачташып, кимиси марадан өтүп келгендерин гаремге киргизип алсаң болду да. Эмне кереги бар, башты оорутуп, убара болуп. Башты оорутуп, сүйлөшүп, көйгөйүн, сунушун угуп, мына оппозиция менен иштешиш керек. Нааразычылыкты жаратып, коомду козгой турган чатакты чыгаруучулар ошолор. А илибой убакта “жатып берчүлөр”, баштан бак тайганда гана биринчилерден болуп көчүккө суу куйа тургандар кайда качат эле. - Президент Сооронбай Жээнбековдун бийликке келгенине үч жылга кетти. Коом ичинде нааразычылыктар күч ала баштагандай. Демейде жазда, күздө козголчу элибиз кыш-күрөөдө ар кандай митинг, пикеттерди уюштуруп жатат. Жаз келип, күн жылыса, алдыдагы шайлоолорго да байланыштуу коом саясатташып абал курчуйт деген пикирлер айтылууда. Сиз кандай дейсиз? - Азыркы бийлик эки жылдан ашык эл тарабынан жакшы эле колдоого алынып жүрдү. Анан эми, эки-үч жыл да оңой эмес убакыт. Адамдардын ойлогону, күткөнүнүн баары “сүф-ф” деп аткарылуучу нерселер эмес, убакыт талап кылынат, азыр жасалып аткан иштердин жыйынтыгы кийинки жылы, же андан кийинки жылы жемишин берип, чечилиши мүмкүн. Эл аны билбейт, күтпөйт экен. Бийлик да үчүнчү жылга кетип жаңы эмес, бул убакытта эскирип, аны сындагандар чыга баштайт. Бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Мына азыр, Ат-Башы логистикалык борбору, “Жерүй” кени, Баткен чек арасы, Садыр Жапаров боюнча нааразычылыкка чыккандар, реакция, балконскийлер, түрмөдөн чыгып актала электердин колдоочулары, коррупцияга каршы иш аракеттерге ичи чыкпагандар, Кой-Таш операциясында ур-тепкиге кабылып, ызаланып калгандар менен Алмазбек Атамбаевдин колдоочулары ж.б. топтор ачыктан ачык бийликти сындап, нааразычылык акцияларга чыгып жатышат. Шайлоодо шансы анча эмес саясый күчтөр да нааразычылык акциялар ырбап, бийликтин айласы кетип, алсырашын тилеп, баардык нааразыларды бирдиктүү аракеттерге өтүүгө үндөп жатышат. Натыйжада, кайнаса каны кошулбай турган тараптар биргелешип нааразычылык акцияларга чыгууга дээрлик бышып жетилгенсип калганы байкалууда. Бул нааразы тараптардын ар кимиси менен өз-өзүнчө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, маселелерин карап, чечилчүлөрүн чечип, убакыт керектүүлөрү менен башкача убадалашып, чечилбей тургандарын өзүнчө ылгап бөлүп алып, аларга башкача мамиле кылып, айтор ыкчам аракеттерди көрүш керек. Андай аракеттер көрүлбөй, самотек менен калтырылып, баары аралаш нааразычылык акцияларга чыгып кетсе кырдаал көзөмөлдөн чыгып, туруктуулук бузулушу толук ыктымал. Биз ойлонбой сырткы күчтөргө чейин асылып, ызы чуу салып АКШнын, Орус менен Кытайдын көңүлүн да өзүбүзгө буруп алдык. “Булар эмне эле болуп жатышат” деп, сырткы күчтөр да ынтызар болуп кулактарын түрүп калды. Айтор, кырдаал оорлоп баратат. Элибизге дагы бир тополоңдун кереги жок. Ошондуктан өлкө келечегин ойлогон аксакалдар, жоопкерчиликтүү саясатчылар өлкөдөгү кырдаалга оор басырыктуу мамиле кылып, кызуу кандуулукка алдырып жаткандарды сабырдуулукка чакырып, өлкө башчысына кол кабыш кылышып, мамлекетибиздеги туруктуулукту сактап калууга салымдарын кошушу керек. Шайлоолор адилеттүү, калыс, эң негизгиси тынч өтүшү келечек, өнүгүү үчүн өтө маанилүү. Азыр саясый туруктуулук аба менен суудай керек кез.

Булак: "Майдан.kg" 

Последние новости