www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Салижан Жигитовдон 2005-жылы «Агым» гезитине Алым Токтомушев маек алыптыр. Бул маекти окуп жаткан адам бүгүнкү күнү жазылып жаткандай эле сезимде калат экен.Чын эле биз бийлик алмашкан соң тагдыр тартуусун дагы пайдалана албасак, Тамангого айланып кетпейбизби?
«Проспьер Мерименин «Таманго» деген аңгемеси бар. Аңгеменин чоо-жайы кыскартып айтканда мындай. Африкадан кул сатып келаткан француз кемесиндеги негр кулдар Таманго деген эргулдун көкүтүүсүндө көтөрүлүш чыгарып, ак адамдарды моряк-соряктары менен кырып салат. Кулдар эсине келип, эми жерине кайталы десе, кашайып кеме башкарганды эч кимиси билбейт, компас дегенден биринин кабары жок.Ошентип катуу бороон, тоодой толкун ары-бери урганкемеде бары кырылып, жалгыз Таманго аман калат. Аны англия кемеси жарым өлүк бойдон таап киши катарына кошот. Тагдыр тартуусун дагы пайдалана албасак, Тамангого айланабыз».
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg