www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Поезд жеңил унааны сүзүп, аны четке сүрүп чыгарган. Унаанын ичинде бир нече адам болгонун жергиликтүү басылмалар жазып чыкты . 

Поезд Кара-Балта – Чалдовар багытында бара жаткан.

Маалыматка ылайык, кырсык 3-декабрда болжол менен саат 12:30 чамасында Т.Владимиров көчөсүндө болгон. «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү унаа поезд келе жатканда темир жолдон өтүп бараткан. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал жерде унаалар үчүн жол уюштурулган эмес.

«Улгайган адам айдап бара жаткан. Ал эки жагын карабай темир жолдон өткөн. Эч ким жабыркаган жок, болгону унаа талкаланды», – деди кырсыкка кабылган айдоочунун уулу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости