www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кара-Кечедеги

2020-жылдын 6-октябрь күнү саат 21:00 чамасында “Вотсап” мессенджерден Бишкек шаарында жайгашкан “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын директорунун атынан өлкөдөгү абалдын курчушунан пайдаланып болжол менен 100го жакын белгисиз адамдар автоунаалар менен келишип, “Кара-Кече” филиалынын директору Т.С жана башкы инженери Т.А ээлеген кызматынан кетүүлөрүн талап кылышкан маалымат тараган.

Ошондой эле, көмүр кесиминин видео камераларын карап чыкканда белгисиз адамдар тарабынан автоунаага жүктөлгөн мыйзамсыз көмүрлөр чыгып кеткендиги аныкталган. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирди.

Бул факты боюнча Нарын ОИИБнын Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан тез арада иш сапарлары уюштурулуп, топтолгон материалдар жана арыздар боюнча көрсөтүлгөн автоунааларга тактоо иштери жүргүзүлгөн.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө жогорудагы автоунаалар менен уурдап алып чыгып кеткен көмүрдөн “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасына болжол менен 1 000 000 сом зыян келип, бүгүнкү күндө 700 000 сом өндүрүлгөн.

Жалпы “Кыргыз көмүр” боюнча Нарын ОИИБнын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 25 арыз катталып, 19 арыз боюнча кылмыштын бети ачылып, шектүүлөр такталып, азыркы учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости