www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу Уралдын борбор шаарынын Тарых аянтында жыл сайын өткөрүлүүчү Рождество жарманкесинин ачылышына катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. 

Салтка айланган жарманкеге Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Екатеринбургдагы өкүлчүлүгү, шаардын башкармарлыгы, чет мамлекеттердин консулдук мекемелери жана иш-чаранын коноктору катышты.

Жарманкеде Кыргызстандын Башкы консулдугу улуттук тамак- аштарды, суусундуктарды жана башка даамдарды алып чыкты.

Өзүнүн сөзүндө Кыргызстандын Башкы консулу Руслан Бийбосунов иш-чаранын бардык катышуучуларын келе жаткан Рождество жана Жаңы жыл майрамдары менен куттуктады, уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди, улуттук тамак-аштарды тартуулады жана аларды даярдоо салттарын айтып берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости