www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Опера жана балет театры кайрадан иштей баштады

Узакка созулган тыныгуудан соң А.Малдыбаев атындагы Кыргыз академиялык опера жана балет театры кайрадан иштей баштады.

Театрдын адабий бөлүмүнүн башчысы Елена Мягкова маалымдагандай, 13-декабрда саат 18:00дө белгилүү опера ырчысы, КРнын эл артисти Кадырбек Чодроновдун 100 жылдыгына арналган концерт болот.

Сахнага КРнын эмгек сиңирген артисттери, Гүлнур Ниязбаева, Кайымбек Кускаков, Бактыбек Ыбыкеев, Тилек Найманбаев, Эл аралык сынактардын лауреаттары Глеб Ким, Орозбек Бакытов, Бакыт Алмабеков жана башкалар чыгат. Концертмейстерлер: КРнын эмгек сиңирген артистери Юлия Бабич, Набира Жаксалиева, Нуржан Токтобекова. Режиссер - Найля Рахмадиева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости