www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда аялдардын ишкерлик менен алектенишин колдоо жана өнүктүрүү программасын кабыл алуу пландалып жатат.

Экономика жана каржы министрлиги 2021-2025-жылдарга карата программанын долбоорун коомдук талкууга койгон.

Негиздемеде бейрасмий эмгек рыногунда, айрым тейлөө жана соода тармагында эмгектенген аялдар көп экени айтылат. Ошондой эле чакан насыя алып өз алдынча иш кылгандар социалдык, пенсиялык жана саламаттык сактоо жаатындагы жардамдардан кол жууп жатканы белгиленет.

Салт менен менталитетке байланыштуу аялдарга карата айрым чектөөлөр экономика тармагында гендердик бөлүнүүнү күчөткөнү айтылды. Бул аялдардын орточо эмгек акысынын төмөндөшүнө алып келген.

Экономика министрлиги 2019-жылы өкмөт мындай программаны кабыл алуу планын билдиргенин эске салды. Ишкер аялдарга арналган долбоор министрликтер менен ведомстволордун эсебинен каржыланат.

Ошондой эле Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жакынкы беш жылда аялдар башкарган компанияларга насыя берүү үчүн 12 миллион доллар бөлүүнү пландап жатат. Банктын аялдар бизнесин каржылоо үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнө дагы 114 миллион бериши ыктымалдыгы белгиленди.

Мындан сырткары, аталган банк бизнести аркалаган аялдарга тренингдерден өтүп, кеп-кеңеш алышына миллион доллардан ашык каражат сарптамакчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости