www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Афганистандагы мурдагы элчиси Мирослав Ниязов кызматынан кеткен себебин айтты.

Белгилей кетсек, буга чейин президенттин маалымат кызматы Ниязов өзүнүн жазган арызынын негизинде иштен алынганын кабарлаган.

Экс-элчи ЖМКлардын бирине отставкага кетүү арызын үч ай мурда эле жазганын билдирди.

"Менин иштен кеткеним Афганистандагы кырдаалга байланыштуу эмес. Биздин дипломаттар штаттык режимде иштеп жатат. Мен ден-соолугума байланыштуу отставкага кетүүнү сурангам. Кечээ 70 жашка толдум, бүгүн жарлык чыкты. Бийлик сакайып кетериме ишенип ушул күнгө чейин күткөнүнө ыраазычылык билдирем. Бирок жашым келип калгандыктан кетүүнү чечтим", — деди Ниязов.

Анын айтымына караганда, талибдер эл аралык нормаларды сактап, дипломатиялык өкүлчүлүктөргө жакшы мамиле жасап жатат. Ал ошондой эле Кыргызстан жаңы афган бийлиги менен байланыш түзө элек болгондуктан дипломаттар активдүү иштеши керектигин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости