www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустан улам чектөөлөр кайрадан күчөтүлдү

Молдованын бийлиги COVID-19га чалдыккандардын саны кескин көбөйгөнүнө байланыштуу жаңы карантин чараларын кабыл алды. 10-сентябрда күчүнө кире турган жаңы эрежеге ылайык, коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөгөн адамдар кафе-ресторандарга жана маданий иш-чараларга киргизилбейт. Мындай чектөө 31-октябрга чейин уланат.

Ушул тапта Молдовада жарандар коомдук жайларда беткап кийип жүрүшү керек. Ошондой эле ресторандар түнкү саат 11ге чейин жабылышы кажет.

2,6 миллиондой калкы бар Молдовада пандемия башталгандан бери 272 миңден ашуун адам коронавирусту жугузуп алса, алардын 6,5 миңдейи көз жумду.

Өлкөдө вакцинация жараяны да жай жүрүп жатат. Соңку маалыматтарга ылайык, Молдованын калкынын 25 пайызы гана толук эмдөөдөн өттү.

Эске салсак, 9-сентябрда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму өнүккөн өлкөлөрдү өз жарандарын үчүнчү жолу эмдөөдөн өткөрүү аракетин токтото турууга, анын ордуна жакыр өлкөлөргө жардамдашууга чакырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости