www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинети оң рулдуу автоунаалардын кузовун алмаштырууга тыюу салууну көздөп жатат. Бул боюнча токтом долбоорун Санариптик өнүктүрүү министрлиги коомдук талкууга алып чыкты.

Министрлик билдиргендей, 1990-жылдардагы экономикалык оор кырдаалдан улам өлкөгө оң рулдуу автоунаалардын келиши көзөмөлгө алынбай калган. Кийин алар жолдо жүрүүдө бир топ кыйынчылыктарды жаратары аныкталып, 2015-жылдан тарта Кыргызстанга оң рулдуу автоунааны алып кирүүгө тыюу салынган. Бирок бул эреженин атайын техникага тиешеси жок.

Ошондой эле мыйзамдагы айрым мүчүлүштүктөрдөн улам оң рулдуу автоунаалардын тетиктерин алып кирүү улантылып жатканы айтылат.

"Ал тетиктердин арасында өндүрүүчү автоунаанын кыймылдаткычынын түрү, чыккан жылы, машинанын өңү сыяктуу маанилүү маалыматтарды жазган бөлүктөр дагы бар. Андыктан өлкө аймагына мурда алып келинген оң рулдуу автолорду оңдоодо кожоюндары жаңы келген тетиктерди пайдаланат. Мындан улам транспортту кайра каттоого тургузган учурда мурдагы машинанын документине жаңы тетиктерде жазылган маалыматтар кирип калат дагы, кийин көп көйгөй жаралат", — деп айтылат түшүндүрмөдө.

Мындан улам министрлик оң рулдуу автолордун кузовун алмаштырууга тыюу салган мыйзам кабыл алууну сунуштап жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости