www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Эгер биздин эжебиз Мукарам Токтогулованы бошотпосоңор, анда Бишкекте көп кан төгүлөт. Бишкек бийлигине аны тез арада коё бергиле деген ультиматум коёбуз». Ушундай сөздөр менен козголгон 1,25 мүнөттүк тасма бүгүн Кыргызстанда социалдык тармактар аркылуу таратылууда. Анда өзүн «Ислам Мамлекети» уюмунан деп тааныштырган беткапчан адам Муккарам Токтогулова аттуу айымды тез арада бошотпосо, Бишкектегн азыркы болуп жаткан нерселер чындыкка айланып, милиция эч нерсе кыла албай калаарын эскерткен. Бирок, бул боюнча УКМК билдирүү таратып, бул Тасмании тараткандарды иликтеп жатканын билдирди.
«Мукарам Токтогулова аттуу жаран укук коргоо органдарынын көзөмөлүнө, анын ичинде УКМКнын оайкоосуна түшкөн эмес. Анын кайсы бир укуктарынын чектелиши боюнча да маселе жаралбаган. Учурда анын чет өлкөдө иш сапарда экени аныкталды. Андыктан, белгисиз адамдардын М. Токтогулованын Бишкектен чыгышы боюнча талаптары жөнсүз»,-деп айтылат УКМКнын маалыматында.
Эске сала кетсек, Мукарам Токтогулова аттуу айым Кыргызстандагы Борбор Азиядык Америка Университетинин окутуучусу, дин изилдөөчү экени анык. Ошондой эле жакынкы учурларда эле Бишкекте кайсы бир имаратка бомба коюлганы тууралуу жалган телефондук чалуулар түшкөнү да маалым.
Булак: "Де факто"