www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Юристтер Бишкек шаарынын Чүй жа­на Шабдан баатыр көчөлөрүнүн аталышын өзгөртүүгө уруксат берген шаардык кеңешти сотко бермекчи. Бул тууралуу укук» фонддун башчысы Калича Умуралиева билдирди.

Маалыматка ылайык, көчөлөрдүн аттары мыйзамга ылайык эки гана учурда өзгөртүлөт. Тагыраагы географиялык аймактар окшош аталышты алган болсо же кеңири таанылган тарыхый аталышты кайра кайтаруу максатында гана ишке ашырылат. Учурда юристтер доо арызды даярдап жатышат.

Эске салсак, Бишкектеги Шабдан баа­тыр көчөсүн 7-апрель деп өзгөртүү сунушун Бишкек шаардык кеңеши 19-марттагы жыйынында талкуусуз колдоп берген. Ага ылайык, Шаблан баатыр кечөсү 7-апрель деп өзгөртүлүп, ал эми Чүй кең көчөсүнүн Ауэзов көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейинки бөлүгү Шабдан баатыр деп аталып калган.

Айта кетсек, көчөнүн атьш өзгөртүү сунушу 2017-жылы «Айкөл Ала-Too» жана «Мекен шейиттери» коомдук уюмдары тарабынан көтөрүлгөн.

Булак: "Де факто"

Последние новости