www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 25-ноябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны болуп өтүп жатат.

Жыйын учурунда депутат Дастан Бекешев жаңы көпчүлүк коалициясын түзүүнү сунуштады.

Белгилей кетсек, депутат аны “Республика-Ата Журт” фракциясы жетектеши керек деп эсептейт. Ошондой эле азыркы коалицияны түзүү учурунда КСДП Алмазбек Атамбаевдин колдоосу менен лидер болгонун кошумчалады.

«Атамбаев кеткенден кийин көпчүлүк коалиция аны жамандап, Сооронбай Жээнбековдун сөзүн сүйлөп баштаган. Азыркы октябрь айындагы окуядан кийин ошол эле көпчүлүк коалиция башкаларды колдоп жатат. Ким билет, эртең Сооронбай Жээнбековду жамандагыла десе, мен билем коалиция ага да даяр. Көпчүлүк коалициянын фракцияларына кирген депутаттарынын 90 пайызы башка партиялар менен шайлоого катышкан. Бул жагы түшүнүксүз болуп калды. Кээ бир фракциянын лидерлери Конституцияга каршы болуп жатышат, бирок кээ бир мүчөлөр тескерисинче, колдоп жатышат. Кээ бири коалаицияда мүчө болуп, оппозициялык сөздөрдү сүйлөп жатат. Такыр эле түшүнүксүз болуп кетти. Ушундай кете берсек, эртең бул көпчүлүк коалиция шайтанга кызмат кылууга даяр болот», – деди депутат.

Эске салсак, көпчүлүк коалиция 2016-жылдын 3-ноябрында түзүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости