www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ким бийликке келсе да «тоок сүйүүсүн» арнап, тоголонуп жүрүп «марионеткасына» айланган «маслоед» - Саматбек Ибраев. Мурунку парламенттик шайлоодо СДПКнын тизмесинде 58-чи болсо  да президент болууну самап турат.

Боконосу ката элек убактан кошомат жасап көнүп калган Самат Ибраев Атамбаевдин убагында «боконосун катыра» коюп, каймакты кайдан калпып жешти сезе койду.

«Манасты» жүгүртө койом деп жүгүнүп СДПКнын парламенттеги «кошелогуна» айланды. Өзү жалгыз жүргөн жок баласын коштой жүрдү. Спикер Дастан Жумабековдун алдына жата калып, ал спикерден бошогуча турган жок. Башкалардын бары, ал эмес «Арзыматтардын атаманы» Кожобек Рысбаев да тажап туруп кеткен. Жөн жаткан жок «ааламдын падышасы» Жээнбековдордун бир туугандарын мактап, «Жыландан жүн кырккан, бүргөдөн май сызгырган» бир туугандары менен, эл жакка тиш кайрап, сес көрсөтүп турду. 2020-жылы октябрда элге батпай калган спикер, жаңы бийликке да батпай калып кызматынан кол жууду.

Ар кимге жан соогалап ирегесине барып, түртүнчүк болуп жүргөн Самат Ибраев да президентке талапкердигин коюптур. Мурунтугун эмгиче чече элек Ибраевге май-талкан иш берип жаңы бийлик жетелеп алса болмок.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости