www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маалыматка ылайык, Ирандын парламентинин вице-президенти парламент өкүлдөрүн эл менен байланыш түзүүдөн алыс болууга чакырды. Бирок, парламент жумушун уланта берерин айткан.
Иранда каза болгондордун саны 77 адам каза болсо, тумоону жуктуруп алгандардын саны 2336 га жетти.
Белгилей кетсек, Вирустун таралышы боюнча бул өлкө Кытайдан кийинки эле эң кооптуу өлкөгө айланды. Вирусту жуктургандардын арасында Ирандын аялдар жана үй-бүлө маселелери боюнча вице-президенти, саламаттык сактоо министринин орун басары жана Иран парламентинин улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Муджтаба Зулнур да вируска кабылганы аныкталган.
Ирандын Ватикан жана Египеттеги мурдагы элчиси Хади Хосроушахи, Кума шаарынан коронавирусту жуктуруп алган. Кийин ал Тегерандагы ооруканалардын бирине жаткырылып, дарыланып жаткан. Бирок, 27- февраль күнү оорудан каза болду.
Ал эми 3-мартта Украинада коронавируска кабылган алгачкы жагдай катталды.
Учурда Кытайдын Ухань шаарынан тараган вирус дүйнөнүн 63 мамлекетине жайылып, вирусту жуктургандардын жалпы саны 90912 адамга жеткен.
Булак: NazarNews.kg