www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул каарманыбыз өзүнүн бир тууган эжесинин үй-бүлөсүн бузганына эмдигиче өкүнөрүн баса белгилеп, өзүнүн башынан өткөн кейиштүү тагдыры тууралуу төгүлүп-чачылып төмөндөгүдөй баяндап берди.

– Бактылуу үй-бүлөгө кесепетим тийгенине эмдигиче өкүнөм… Эмесе кеп башынан болсун. Анда жогорку окуу жайлардын биринде студент элем. Шаарда бир тууган эжемдин үйүндө жашачумун. Жездемдин эжеме жасаган жагымдуу мамилесин көрүп, алардын үй-бүлөлүк бактысына суктанчумун. Балдызы катары кээде жездеме эркелеп калчу элем. Эжем андай учурларда эмнегедир менден күйөөсүн кадимкидей кызганып жатканын көз карашынан байкачумун. Бир жолу эжем мага алдын-ала эскерткендей түр көрсөтүп:

– Динара, унчукпай койсо чектен чыгып баратасың. Мындан кийин жездеңе кыйшаңдап тийишкениңди көрбөйүн, – деди жаман көзү менен карап.

– Коюңузчу. Мен тийишпей эле эркелеп жатам го, – дедим кыткылыктап күлүп.

– Эмне жалжактайсың? Жездеңе эркелегидей сен кимсиң?! – деп мага кол көтөрө турган учурда сыртка качып чыктым.

Андан кийин эжемдин ачуусу тараганча үйгө кире албай бир топко чейин короонун ичинде ары-бери басып жүрдүм. Бир маалда жездем жумушунан келип калды. Ал менин эмнеге үйгө кирбей жүргөнүмдү сураганда “жөн эле” деп күлүмсүрөп кутулдум. Жездем үйгө киргенден кийин эжем экөө уруша кетишти окшойт. Ошондо эжем мени чакырып:

– Биз сенин айыңдан чатакташып жатабыз. Мындан кийин бул үйгө жашабайсың, – деп колума бир сыйра кийимдерим салынган чемоданды карматты.

А, мен ызаланган боюнча жатаканада жашаган группалаш курбуларыма жөнөдүм. Эжеме катуу таарынгандыктан ошол бойдон жатаканада жашап калдым. Бир күнү өзүм окуган институтка жездем мага жолукканы келип калды. Сабактарым бүткөндөн кийин экөөбүз кафеге бардык. Ал жерден шашпай олтуруп өткөндөгү жагымсыз окуя тууралуу ага шашпай айтып бердим. Акырында эреркеп кетип ыйлап жиберсем ал мени көкүрөгүнө кысып, чачымдан акырын сылап:

– Динка, сен эжеңе таарынбай эле кой. А, мен сага дайыма материалдык жактан жардам берип турам, – деп бетимден өптү.

Ошондо жездемдин алоолонгон чоктой ысык эрдинен денем дүркүрөй түштү… Ушул учурдан баштап жездем менен эки күндүн биринде жолукканды көнүмүш адатка айландыра баштадым. Мурда аны эжем кызганса, эми андан мен кызгана баштадым. Акыры жүрүп бир кезде мен эркелеген жездем сүйүктүү адамыма айланды. Жалаң гана аны ойлогондуктан артымдан чуркаган жигиттердин бирөөсүнө да көңүл бурбадым. Баарынан бечара жездеме кыйын болду окшойт. Эжем экөөбүздүн ортобузда өзүн күнөөлүү сезгендиктен катуу ойлонуп стресс болгондуктан таптакыр өзүн таштап койду. Ал тургай иштеген жеринен кызматтан айдалып, кыларга иши жок бекерпозго айланып баарына жек көрүнө баштады. Бир күнү достору менен аракка тоюп келип эжеме экөөбүздүн ортобуздагы мамиле тууралуу төкпөй-чачпай баарын айтып берген экен. Бул маалымат айылдагы ата-энеме да жеткендиктен алар мени аябай урушкандан кийин баарынан көңүлүм калды. Бирок, жездемдин мага жалынып эркелеткен учурун эч унута албай койдум. Жездем болсо менин айымдан эжем менен ажырцшып кетиптир. Экөөнүн ортосунда үч бала бар эле. Аларды атасынан тирүүлөй ажыратканыма эмдигиче өкүнөм. Бирөөлөрдөн укканыма караганда жездем Россияга иштегени кетип, ошол жактан бир келинге үйлөнүп алыптыр. Ушунун баарына мен күнөөлүүмүн…

Булак: "Багыт.kg"

Последние новости