www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 2-мартта АКШ конгрессинин төмөнкү палатасында тажик ырчысы Нигина Амонкуловага каршы катаал чараларды көрүү тууралуу талкуу болду.

Уганданын тышкы чалгындоосунун маалыматы боюнча, ырчы генерал Касем Сулеймани менен тыгыз байланышта. Нигина генералдын бир нече иш чараларына катышкан. Иш чаралардын биринеде генерал ырчыны “Иран дүйнөсүнүн ханышасы” деп атаган. Ошондон кийин Нигина уялып рахматын айткан. Генерал ырчыга алтын жана канатту ракета (муляж) белек кылган. Бул тууралуу “The Asia Times” билдирди.

Буга чейин АКШ Нигина Амонкулованы кармоо боюнча операция жасашканын Пентагон тастыктаган. Пентагондун билдирүүсүнө ылайык, алардын операциясы ишке ашпай калган. Алар Нигинаны кармайлы дегенде Пенджакент администрациясындагы Тошмурод Хужабеков атындагы айылда электр энергиясын өчүрүп салышкан.

Кореспондент Хиромон Бакозода ырчы менен байланыша алган эмес, бирок “кошуна кемпирдин” маалыматы боюнча, ал Сомалинин борборуна качып кеткен. Ага жакында маданий жана саясий качкын деген платиналык статус берилет.

Ошондой эле, Ирандын борборунда ырчыны колдоо акциясы да болуп өткөн. Акцияга чыкканда ырчынын аркасынан түшпөөнү талап кылышты. Нигинанын күйөрмандары ырчы качан окуя тууралуу пикирин айтат деп күтүшүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости