www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кой-Таш окуясы боюнча Биринчи Май райондук соту отурумун аяктады. Сот отуруму бүткөн соң, тордун аркасындагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жүзүн элге көрсөтпөгөнгө аракет кылышып, торду салдаттар кийип жүргөн күрмөлөрү менен жаап, алып чыгып кетишти.

Атамбаевди тор артынан болсо да, көрүүгө  келген туугандары, “ Эмнеге анын жүзүн көрсөтпөй жатышат, бул нерсе мыйзам бузгандык!”-деп ыйлап кала беришти.

Белгилей кетсек, 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таш окуясы боюнча алгачкы соттук угуу өттү. Соттук отурум жабык режимде өтүп,  Алмазбек Атамбаевди сүрөткө жана видеого тартууга уруксат берилген жок.

Эске сала кетсек, 2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган.

Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишти ИИМдин Тергөө кызматы тергеп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 19 адамга айып койгон.

Кой-Таш окуясына айыптуу деген дагы беш адамдын иши өзүнчө тергелип жатат, себеби алар тергөө менен кызматташууга макул болушкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости