www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сооронбай Жээнбеков - Кыргыз Республикасынын бешинчи президенти. Президенттик талапкер учурунда айткандарын четинен аткарып келатат.Мугалимдердин айлыгын көтөрүү аткарылды. Арийне, көп айткан сөздөрүн бүгүнкү өкмөт мааниге албай келатат.
Досалы Эсеналиев –Кыргыз Республикасынын президентинин администрация жетекчиси. Ал маалымат тармагында профессионал. Чет элдик медиа-маалыматтарды электей алат, өз алдынча жыйынтык чыгыра алат. Азыр болуп жаткан бийликтеги кээ бир интригаларга кийлигишпейт. Өзү билген жетиштүү кадрлары аркылуу азыркы болуп жаткан маалыматтык дүйнөдө жана болуп жаткан мамлекеттик кызматтарды өнүгүүгө үрөйт. Бирок,эл ичинде анын таасири тууралуу айтылат.
Боронов Кубат - Кыргыз Республикасынын өкмөт башчысынын биринчи орун басары. Элдин пикирин эске алуу менен бирге кайсы жерде өкмөткө каршы чуулгандуу иштерде өз мойнуна көп жоопкерчиликти жүктөйт. Уран боюнча чоң жоопкерчиликтүү иште жана Солтон-Сары кенинде болгон окуяларда, ал элди тынчтандырып көп түйүндүү маселелердин чечилишин камсыз кылган.
Матраимов Раим – Алмазбек Атамбаевдин “балашка” кадрларынан эмес, бирок бажы жетекчилигин ыраа көрбөй орун басарлыгын берип, тагдырдын бир чечимдери менен куугунттукка алган. Учурда кызматы деле жок, бирок эл арасында таасирдүүлүгү тууралуу сөз тарап кеткен.
Жээнбеков Асылбек – Жогорку Кеңештин депутаты, учурунда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турган. Азыркы президенттин иниси катары эл арасында таасирдүүлүгү тууралуу кеп бар.
Зулпукаров Төрөбай – Жогорку Кеңештин депутаты, учурунда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болгон.
Сулайманов Алтынбек - Жогорку Кеңештин “Бир бол”фракциясынын жетекчиси.
Бусурманкулов Эмил - - Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппарат жетекчиси.
Кененбаев Алмаз - Кыргыз Республикасынын президентинин администрация жетекчисинин орун басары.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg