www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО-Күрткүгө түшүп кеткен бала аман калды

Улуу Британиянын жашоочусу Гиллон Кэмпбелл  күртү алдында  калган 11 жаштагы уулун аман алып калды. Бул тууралуу Daily Mail жазды.

Маалыматка таянсак,  үй-бүлө Франциянын Альпы тоолорундагы Шамони курортунда лыжа тээп эс алып жүргөнү айтылат. Үй ээси бир трассадан кийинкисине өтүп жүргөн маалда уулу Фокстун жок болуп кеткенин байкайт. Алгач Кэмпбелл баласы апасынын жанында жүрөт деп ойлоп, андай эмес экенин аңдаганда уулун акыркы ирет көргөн жерге барган.

"Эркек киши жаңы эле лыжа тээп өткөн жер мурдагысынан башкача болуп калганын байкаган. Дароо GPS-трекерди күйгүзүп, сигналдарды угат да кар алдында кимдир бирөө бар экени айкын болот. Күрөктү ала калып, турган жерин казып кирет. Баланын атасы өмүрүндө эч качан мынчалык коркпогонун айтып берди", — деп жазылат макалада.

Кэмпбелл жарым сааттай карды казгандан кийин уулун көргөн. Ал жарым сааттай кар алдында калса да, атасын көрүп “рахмат” деп айтууга жетишкен.

Бала кар үстүнөн секиреп  жатып күрткү алдына түшүп кеткен. Бала эч кандай жаракат алган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости