www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Фарид Ниязовго ошол үчүн өчөшүп калган турбайсызбы?

—  Ал дело ичиндеги кагаздары менен болгону 4 миң сом турат. Ошончо эле акча коротуп документ чогулткам. Ошол акча үчүн адам менеи өчөшмөк белем. Фарид Ниязов Атамбаевдин  идеологиясын жүргүзгөн номур биринчи адам экенин жакшы билем. Идеологияны туура жүргүзсө бүгүнкүдөй абал жаралмак беле?

Кечээки президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбеков үчүн Фарид Ниязов бекер иштеп берип жатыптыр дегенди угуп, "Форумга" бардым. Сен чын эле бирөө үчүн бекер иштегине жатасыңбы? Сени Уфада төрт тогуз кабаттуу үйдү, Атамбаевди Франциядан 25 кабаттуу мейманкананы алып койгон деп айтып жатышат. Ошол үйлөрдү кайсыл акчаңа алдың? Кыргыздын акчасына алган болсоң ордуна коюп кой! —деп айтканы барсам, киргизбей койбодубу.

Өзү сыртка чыккандан коркту. Фарид алдымдан чыга турган болсо кычышкан муштумумдун кычуусу кангыча "груша" кылып муштаймын. Ал революцияда бизге окшоп алдыда жүргөн эмес. Көчөгө да чыкпаган. Ооруп жатам деп постелде жаткан деп уккам. Бул Акаев, Бакиев учурунда деле жылуу жерде олтуруп келген. Жок дегенде ушунусун мойнуна алсын да.

Булак: Жаңы Ордо

 

Последние новости