www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеште өлкөнүн каржы саясатын заман талабына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, Өкмөт ушу тапта парламенттин кароосуна Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин долбоорун да киргизүүдө. Жогоруда аталган мыйзам долбоорунда ошол кодекти колдонууга киргизүү жол-жоболору каралган.
Каржы министрлигинин маалыматына караганда, салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзам азыркы учурдун талабына жооп бербей калган, ошондон улам салыктык эмес кирешелерге байланыштуу мыйзамдарды бир кодекске топтоо зарылдыгы келип чыккан. Ошону менен бирге, улуттук мыйзамдарды былтыр кабыл алынган Бюджет кодексине шайкеш келтирүү милдети да турат.
Мурда каражаттын көп булактары атайын каражат катары өзүнчө топтоштурулса, эми бир катар каражаттар республикалык бюджетке түшө баштады. Ал эми атайын каражаттар мекеменин эсебинде сакталып, өздөрү смета түзүү менен андан пайдаланышат. Ал эми анын калдыктары келерки жылдын эсебине өткөрүлөт.
Иштеп жаткан мыйзамдарда салыктык эмес кирешелердин 60 түрү бар болсо, анын айрым түрлөрү кыскартылуу менен, КР Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин долбоорунда кирешенин 42 түрү камтылганы белгилүү болду.
Ошондой эле, салыктык эмес кирешелерди башкаруу чараларын андан ары өркүндөтүү зарылдыгы да эске алынды. Төлөнбөй келген салыктык эмес кирешелер боюнча доонун эскирүү мөөнөтү – 6 жыл. КР Бюджет кодексинде да ушундай эле мөөнөт белгиленген.
Белгилей кетсек, улуттук мыйзамдарга ылайык, мамлекеттин салыктык эмес кирешелерине салыктар, бажы төлөмдөрү, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төгүмдөр жана расмий трансферттер болуп саналбаган мамлекеттик бюджеттин кирешелери таандык.
2012-2016-жылдар аралыгында мамлекеттин салыктык эмес кирешесинин жалпы көлөмү 1,5 эсеге жакын өскөн. Башкача айтканда, салыктык эмес кирешелер 17,3 млрд сомдон 26,8 млрд сомго жетип, мамлекеттик бюджеттин кирешелер бөлүгүнүн 20,5 пайызын түзөт.
Булак: NazarNews.kg