www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бийлик "Ак-Кеме" мейманканасын оңдоп-түзөө иштерине 60 миллион доллар сарптаганы жатат. .
Бул деген бери жагы 50 мектептин каражаты.
Өткөндө Кабмин төрагасы Акылбек Жапаров мындан ары жаңы мектеп салбайбыз, каражат жок, мурда башталып токтоп калгандарын бүтүрүп алсак кыйраткан болобуз дегенди айтып ыйлактап жаткан.
Көрсө, 50 мектептин акчасына мейманкананы оңдой турган болгон экен да. Мына мамлекеттик саясат. Эң мыкты экономист деген Акылбек Жапаров ушул саясатты жүргүзүп жатса, анда анын бийликте турушунун эч эле кереги жок.
Негизи, "Ак-Кемени" ижарага берип койсоңор деле мамлекетке пайда болмок. Жок дегенде мамлекеттин мойнундагы жүгү жеңилдемек.
Мына жакшынакай турган "Ысык-Көл" мейманканасын буздуруп, талкалап салып эмне таптыңар? Талкаланганга деп да, мамлекеттин казынасынан жүздөгөн миллион сомду короттуңар. Учурда, иттен жок, же ит байлаган жиптен жок дегендей, эч нерсенин дайны жок.
Булак: NazarNews.kg