www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде чек арадагы каргашада талкаланган үйлөрдүн ордуна ар бири 100 чарчы метрлик үйлөр салына турганын мамлекет башчынын администрациясынын президенттин жана өкмөттүн чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев билдирди. Бул тууралуу маалымат 23-сентябрда Баткендеги окуяга байланыштуу түзүлгөн Медиа-штабдын Телеграмдагы баракчасына жарыяланды.

Жунушалиев курулуш иштерин 2-3 айда жыйынтыктоо пландалып жатканын билдирди.

“Ар бир айылды кыдырып, изилдөө жүргүзүп жатабыз. Үйлөр 100 чарчы метрден өйдө болот. Себеби айыл жергесинде чоң үй болбосо ыңгайсыз. Сөзсүз элдин айтып жаткан талаптарын эске алабыз. Президенттин 2-3 айда бүтүрүш керек деген талабы бар. Биз иштерди эртелеп баштап, эрте бүткөнгө толук шарт түзүшүбүз керек. Азыр курулуш иштерин жүргүзө турган фирмалар белгиленип, курулуш материалдарынын эсеби чыгарылып жатат”,  -деди Жунушалиев.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрда Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. 

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 62 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) шейит болуп, 198 киши жабыркады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости