www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Машинаны техникалык кароодон өткөрүү, милдеттүү түрдө камсыздандыруу, айып пулдун өлчөмүн жогорулатуу, ал түгүл Фейсбуктагы колдонгон акКаунтуңа салык төлөө кооптуулугунун пайда болушу сыяктуу, элдин терисин кан чыгарбай сыйрып, бюджетти толтурууга байланышкан маселеге коомчулук катуу тынчсызданууда.
Мына быйылкы 2023-жылдын 1-январдан тарта айдоочуларды камсыздандыруу полисин (ОСАГО) алууга милдеттендирген мыйзам күчүнө кирди.
Эми милдеттүү түрдө машиналарды камсыздандыруу (ОСАГО) зарыл. Эгер кимде-ким ушул жылдын 1-апрелине чейин машинасын камсыздандырбаса, 3 миң сом айыпка жыгылат.
Камсыздандыруу — машинанын кыймылдаткыч күчүнүн кубуна жараша жана айдоочулардын тажрыйбасына байланыштуу 1680 сомдон 2500 сомго чейин болот экен. Орто эсеп менен алганда 2 миң сомдон айланат.
Ошондо, Кыргызстанда 2 миллионго жакын машина бар. Орточо ар бири 2000 сомдон камсыздандырылса, жылына 4 млрд. сом түшөт экен.
Эске сала кетсек, “Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзам 2015-жылы эле кабыл алынган. Документ 2016-жылы иштей баштамак. Бирок камсыздандыруу полисинин баасы, төлөнчү кенемте, анын шарттары так аныкталбай айдоочулар каршы болуп жети жылдан бери ишке ашпай келе жаткан.
Ушул тапта Кыргызстанда “Камсыздандыруу боюнча мамлекеттик уюм”, “Алма Иншуренс”, “Атн полис”, “НСК”, “Арсенал-Кыргызстан”, “Аю Гаранд”, “Мега Иншуренс Групп”, Jubilee Kyrgyzstan Insurance Company, “Кыргызстан” жана “А Плюс” өңдүү 10 камсыздандыруу ишканасы айдоочуларга полис берип жатат. Алардын бирөө мамлекеттик калганы жеке менчик компаниялар.
Бирок мыйзамга ылайык, сөзсүз мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынан полис алуу зарыл. Анан өзүнчө өз каалоосу менен машинасын жеке компанияларга кымбат баада камсыздандыра берсе болот.
Камсыздандыруунун негизги шарты катары айдоочунун коопсуздугун жана машинасынын чыгымына кепилдикти камсыздоо экени айтылды.
Маселен, эгерде жол кырсыгынан адам каза болсо, жабырлануучунун өлүмү үчүн 300 миң сом кенемте берилет. I топтогу майып болуп калса 200 миң сом, II топтогу майып болсо 150 миң сом, III топтогу майып болуп калса 100 миң сом төлөнөт. Балдарга 200 миң сом берилет. Кырсыктан ден соолугунан жараат алгандардын дарылануусу үчүн 100 миң сомго чейин төлөнөт.
Автоунаасына же башка мүлкүнө зыян келгендердин ар бирине 150 миң сомдон кенемте берилет. Жабырлануучулардын чыгымы 450 миң сомдон ашып кетсе калганын күнөөлүү адам өзү көтөрөт.
Өкмөттүн мындай милдеттендирген мыйзамы жарандардын баарына эле жага берген жок. Айрымдар, бул кадамды бийлик бюджетти толтурууга каражат таппай, элдин терисин сыйрып, чөнтөгүнө кол салган жорук катары баалашууда.
Анткени, машинаны камсыздандыруу үчүн, 2012-жылы Өмүрбек Бабанов жокко чыгарган техникалык көзөмөлдөн кааласаң да, каалабасаң дагы өткөрүү зарылдыгы жаралат. Ансыз камсыздандыруу болбойт. Камсыздандырууң жок болсо айып төлөйсүң. Муну кайда барсаң Мамайдын көрү дейт.
Ал эми техникалык кароодон өткөрүү машинанын кубуна, жылына карата 1500 миң сомдон 5 миң сомго чейин болот. Бул да машина ээсине кошумча чыгым. Элдин чөнтөгүн кагуу. Мына камкордук. Ошондо, техникасы бар жаран техникалык кароого орто эсеп менен 3 миң, камсыздандырууга 2 миң төлөөгө туура келет.
Мындан сырткары быйыл жол эрежесин бузган айдоочуларга карата мыйзамга өзгөртүүлөр киригизилип, айып пулдун өлчөмү жогорулап жатат.
Тактап айтканда, ылдамдыкты белгиленген өлчөмдөн 20-40га чейин ашырса 7500 сом, 40-60га чейин көбөйтсө 15 миң сом, карама-каршы тилкеге чыкса 15 миң сом айып төлөйт. Мындан сырткары, машинасына ар түркүн ар кандай сүрөт, наклейка чаптап алгандар, жана МАИге баш ийбегендер 5500 сом айыпка жыгылат.
Ошондой эле, мас айдоочулар бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажырайт. Экинчи жолу кайталаса, 3 жылга ажыратуу, кайрадан экзамен тапшырууга жөнөтүлөт.
Бул көрүнүш — жол эрежесин камсыз кылуу эмес эле, эки жылдан бери бир да өндүрүш, завод, фабрика, чакан ишкана кура албай, экономиканы көтөрүүнү, түбү тешик бюджетти толтурууну, элдин жонунан кайыш тилүү аркылуу ишке ашыруу дегенди билдирет.
Бийликтин калдырап бош калган казынага каражат таппай кайсалап, айласы кетип жатканын ушундан бил, фейсбукта 5000 катталуучусу бар акаунттун ээсине колдонгон баракчасын ММК деп эсептөө, эгерде баракчасынан түз эфирге чыкса, ТВ канал деп таануу демилгеленип жатат. Муну жөнөкөй тил менен түшүндүргөндө, ар бир акаунттун ээсине колдонгон баракчасы үчүн ММК катары салык төлөтүү дегендик деп кабыл алыш керек.
Мына элин бага албаган бийликтин жүзү. Өткөндөгү 12 жашар өспүрүм кыз тамакты жетиштүү жебегенден улам кайтыш болгону, жөн эле катардагы окуя эмес. Өтө чоң маселе. Кооптуу коңгуроо.
Булак: NazarNews.kg