www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын Киев облусунда тик учак кулап, бир нече адам каза болгонун Улуттук полициянын башчысы Игорь Клыменко билдирди. Белгилүү болгондой, авиакырсыктын кесепетинен Украинанын ички иштер министри Денис Монастырский жана анын орун басары Евгений Енин көз жумду.

Учак 18-январь күнү эртең менен Бровары шаарында болгон. Кыйраган тик учакты Украинанын өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы башкарган. УНИАН агенттигинин маалыматына караганда, тик учак бала бакчанын аймагына кулап түшкөн.

"Учурда 16 адам каза болгону, анын экөө жашы жете элек балдар экени белгилүү болду. Каза болгондордун тогузу учактын ичинде болгон. 22 жабырлануучу ооруканага жаткырылды, анын ону жаш балдар", — деди Игорь Клименко.

Тез жардам кызматы жеринде иштеп жатат. Окуянын себептери боюнча азырынча маалымат жок.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости