www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Максат ажы Токтомушев кыргыздын салтында жок жосунду сүйлөп, «эки атанын уул-кыздары үйлөнүш керек» деп ыпластыкка барды. Бийликтеги бир да аттуу-баштуу ооз ачып, укук коргоо органдары суракка чакырып, тарбиялап коюшпады.

Акыр заман келатабы? Качан эле кыргыз ушундай нарксыз, айбанчылык сөздү укчу эле? Салтыбызда жети ата өтмөйүнчө кыз алышып, беришпейт. Бул айныгыс чындык, нарк-насил.

А эмнеге бүгүн мукурап, бир чала сабат молдонун айтканына оозубузду ачып отурабыз? Максат ажы иш жүзүндө жоопкерчиликке тартылыш керек эле. Бирок, артында билимсиз сакалчандары бар үчүн бийлик айбыктыбы? Өтө өкүнүчтүү!

Арабдардын акмакчылык жосунуна кыргыз Эли эч качан баш ийбейт, акыры мындай бузукуларды суруп чыгарат!

Булак: Азия News гезити

Последние новости