www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия согуштук аракеттер башталган алты күндүн ичинде Украинанын 1325 аскердик объектисин жарактан чыгарды.

Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигиинин расмий өкүлү Игорь Конашенков Москвадагы брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, орус аскерлери 395 украин танкын, 59 ракеталык комплексин жана 179 артиллериялык куралы менен минометторун жок кылды.

Украинанын Коргоо министрлиги 1-мартка карата Орусиянын 29 учагы, 29 тик учагы, 198 танкы, 846 бронетехникасы, 305 автоунаасы, 74 артиллериялык куралы, 1 "Бук" үлгүсүндөгү зениттик-ракеталык комплекси, 77 артиллериялык системасы, 24 ракеталык комплекси, 60 танкы, 3 учкучсуз учагы, 2 кемеси жана 7 абадан коргонуу жабдуусу жок кылынганын билдирген.

Украин тарап алты күндүн ичинде каза болгон, жаракат алган жана туткунга түшкөн орус аскерлеринин саны 5710го жеткенин билдирүүдө. Орусия Украинада орус аскерлери курман болгонун мойнуна алып, бирок алардын санын айтпай келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости