www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Быйыл Кыргызстанда электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экенин бийлик өкүлдөрү эми араң, тоок туурунда какылыктайт болуп жандарына күч келгенде кулак кагыш кыла башташты. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда Биринчи радионун түз эфиринде Бишкек мэриясынын өкүлү Мирлан Энназаров билдирди.
Анын айтымында, суунун аздыгынан жана Токтогул суу сактагычында суунун аздыгынан улам электр жарыгын берүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.
Бул тууралуу: "Быйыл план боюнча 2 миллиард куб метрге жакын суу жетишсиз. Ошондуктан, балким, быйыл бизде электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт", - деди ал.
Энназаров кошумчалагандай, 2023-жылдын апрель-июль айларында бишкектиктер белгиленген лимиттен 717 миллион кВт/саат электр энергиясынан ашыкча 794 миллион кВт саат сарпташкан.
"Бул өтө чоң чыгым. Ошондуктан мен биздин жашоочулардан, чарба жүргүзүүчү субъекттерден, ишкерлерден, кичи жана орто бизнес өкүлдөрүнөн электр энергиясын бардык жагынан үнөмдөөнү суранат элем", - деди ал.
Эске салсак, 2023-жылдын кышында Кыргызстан буга чейин 3 миллиард кВт саатка жакын электр энергиясынын тартыштыгына дуушар болору айтылып, элди азыртан электр энергиясын үнөмдөөгө чакыра башташты.
Булак: NazarNews.kg