www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында өткөн Улуттук Көк бөрү оюнуна арналган президенттин кубогуна болгон финалдык беттеш Таластын "Ынтымак" командасы менен Оштун "Достук" командасынын ортосунда орун алып, аягы тополоң чыр менен аяктады.
Оюнду "Ынтымак" утуп, бирок "Достук" командасынын күйөрмандары калыс калыстык кылган жок деген негизде укук коргоо органдарына баш беришпей башаламандык жаратышты. Тез жардам унаасынын терезелерин талкалап, укук коргоо кызматкерлерин, калысты таш менен урушуп, бир нече адамдар ар түрдүү жаракат алышты.
Ошол жерде отурган президентти көзгө илишпей элдин ынтымагына доо кетирип чыр чыгарган ээн баштар укуктук жазага тартыла турганын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымдады. Учурда күнөөкөрлөрдү аныктоо, кармоо, жоопкерчилигин кароо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
Ырасында, оюндан от чыгарып, аймак аралык кастыкты козутканга кызыкдар болгон мээ кайыктар мыйзам чегинде жоопкерчилик сөзсүз тартылышы керек. Ансыз элдин ынтымагын бузуп, жик салган, котур ташын койнуна каткан, эптеп шылтоо таап таш ала чуркаган караңгы, түркөйлөрдү ооздуктоо мүмкүн эмес.
Негизи эле, кара күчкө таянган оюнга эмес, билимге маани берүү мезгил талабы. Мамлекеттин саясаты билимге инвестиция салууга багытталышы парз. Болбосо, сабатсыз, караңгы, кара күчкө таянган маңкурт коом менен алдыга жылбайбыз. Билим гана өнүгүүнүн ачкычы боло алат.
Булак: NazarNews.kg