www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Билим берүү жана илим министрлиги «Билим берүү кызматкерлеринин күнүн белгилөө жөнүндө» буйрук чыгарды.

 Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, 5-октябрь Билим берүү кызматкерлеринин күнүндө иш-чаралар «Жаңы чакырыктар – жаңы горизонттор» деген ураан астында өткөрүлөт.

Социалдык тармактарда куттуктоо конкурсу, челлендж, “Менин мугалимим” флешмобу, эмгек сиңирген ишмерлердин инсандык өнүгүүдөгү мугалимдин ролу жөнүндө аңгемеси, “Эгерде Мен мугалим мугалим болсом...» темасына эсселер, мектеп, мугалим жөнүндө ырлардын фестивалы, жогорку класстын окуучуларынын педагогикалык окуу жайлардын жана ЖОЖдордун мугалимдери менен жолугушуулары, концерт, театрлаштырылган оюн-зоокторду өткөрүү сунушталды.

Буйрукка ылайык, райондук жана шаардык билим берүү органдарынын, билим берүү уюмдарынын жетекчилерине:

  •  иш-чараларды өткөрүүдө коопсуздукту, санитардык нормаларды сактоону камсыз кылуу;
  • майрамдык иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө каражат чогултууга жол берилбестигине көңүл буруу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости